Узакбаевдин тоюнда Сатыбалдиев менен Салымбеков мас болуп калыштыбы?


Жакында эле экс-чиновник, байбача Эмилбек Узакбаев 70 жылдыгын белгилеп, чоң той өткөрдү. Туугандарын, тели-теңтуштарын, жакын адамдарын чакырып, өмүргө кеч кирип бараткан мезгилин ой-да майрамдашыптыр. Шыкалып эле көпөстөр отурушканы кызык. Бийликтен Эдил Байсалов келип, ченебей чер жазып, бакылдап, жакшы маанайда кеткенин айтышты. Аймакчы, бул тойдо Жантөрө Сатыбалдиев менен Аскар Салымбеков башкалардан өзгөчө мас болуп калышканы кандай? Көргөндөр жобурашып, карыганда ашыкча кеткен деле болбостугун каңкуулашты. Ток этери, негизинен Эмилбек Узакбаевдин юбилейи жетишерлик шаан-шөкөттө өтүп, абдан ачылып-чачылганы да бекеринен эместир. Убагында мамлекеттин бир топ кызматтарын аркалап, байлыкты басып койсо, анан карыганда чекесинен чубап той берип, көңүл ачуу жагынан өнөр көргөзбөй жаны жокпу?
"Азия Ньюс" гезити











