Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер: “Президенттин бул жүрүшү көбүн шок кылды”

-- Жолборс аке, жаап-жашырган байлыктарды ачык жаздыруу боюнча президент демилге көтөрдү эле. Жыйынтыгы кандай болчудай?
-- Президент Садыр Жапаров көмүскө байлыкты легалдаштырууну өзү баштап, 15-февраль күнү өзүнүн 20 миллион долларын ачыкка чыгарды. Бул деген азыркы же мурдагы миллионерлерби, депутатпы же министрби, презденттин жолун жолдогонго чакырганын билдирет. Эгерде июнь айына чейин байлыктарын ачыкка чыгарбаса, легалдаштырышпаса, ошондо кызык башталат шекилди. Анткени биз кичинекей өлкөбүз да, ким кимдин куда-сөөгү, ата-жотосу, ким кайдан, кантип байыганын коомчулук беш колдой билет. Президенттин бул кадамын эл-журт өтө жакшы кабыл алды, акыр-аягына чейин ачык болгону элге жакты деп ойлойм. Болбосо кыргыздар ашкана менен аракканаларда отуруп эле баардыгын билишет эмеспи. Президенттин бул жүрүшү көбүн шок кылды. Бирок дагы убакыт бар, күтө туралы.