Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Зулпукаров: “Шайлоонун босого чегин жогорулатып, жоопкерчиликтүү өкмөт түзөлү»

Төрөбай Зулпукаров: “Шайлоонун босого чегин жогорулатып, жоопкерчиликтүү өкмөт түзөлү»

14-сентябрь, 12:44
735 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы шайлоо өнөктүгүнүн алкагындагы үгүт ишин Таластын Кара-Буура районунда улантты. Аталган райондун эли менен жолугушуу бүгүн, 14-сентябрда болуп өттү. 

Жолугушууга партиянын лидерлери менен талапкерлери, атап айтканда, Төрөбай Зулпукаров, Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева, Көкүмбек Таштаналиев, Талас Бегалиев, Бактыбек Чойбеков катышты. 

«Биримдик» партиясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров өз сөзүндө келечекте   шайлоонун босоголук чегин 7%дан 11%га жогорулатуу зарылдыгын айтты. Анын айтымында, ушундай жол менен өкмөттүн күчтүү, туруктуу, жоопкерчиликтүү болуусуна жетишүүгө мүмкүн болот. 

«Кээ бир партиялар босоголук чекти 3%га түшүрүүгө аракет кылышты. Элестетип көрүңүздөр, 100 миң шайлоочусу бар райондон партия 51 миң добуш алса, ал райондун партиясына айланмак. Жогорку Кеңеште 30дай фракция болмок. Көптөгөн фракциялар түзгөн коалициялык өкмөт эч качан күчтүү, туруктуу болбойт. Биз келечекте шайлоонун босоголук чегин 11% кылышыбыз керек. Мейли оппозиция утуп алсын, мейли бийлик утсун, бирок жоопкерчилик бир саясый күчтө болот. Ошондо татыктуу өкмөт түзүлөт» деп партиянын саясый көз карашын билдирди. 

Мындан сырткары, Төрөбай Зулпукаров аймактык-административдик реформаны жүргүзүп, чиновниктердин армиясын кыскартуу керектигин айтты. Эл колдоого алып, ишеним көрсөтсө, мындай реформаны  ишке ашыруу «Биримдик» партиясынын колунан келерин баса белгиледи. 


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер