Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне мынча Догдурбек Чонтоевди эркелетип жатышат?

Эмне мынча Догдурбек Чонтоевди эркелетип жатышат?

22-сентябрь, 19:50
940 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында бир жарлык чыкты. Ага ылайык Нарын мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин түзүмдүк курамына кошулду. Бул чечим кайсы логикага, кандай негиздемелерге таянып чыгарылганын түшүнүп болбойт. Нарын облусу аймагы эң чоң, бирок калкынын саны аз эмеспи. Коңшу Кытайдын, демек, “ажыдаардын” араанында турат, демографиялык көрсөткүчтөрү төмөндөп жатат. Нарын университети жаштарга билим берип, жергиликтүү жаштардын социалдашуусуна салым кошуп келаткан окуу жай. Талас мамлекеттик университети да коңшу Казастанга чектешкен облус борборунда калкы аз санда болсо да билим берип, аймактын маданий, социалдык өнүгүшүнө өз салымы бар жогорку окуу жайы. 

Баткен облустук БатМУ жөнүндө өзүнчө сөз кылалы. Баткен аймагы өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсү үчүн өзгөчө орду бар илимий билим берүү мекемеси. Чек ара аймагында чыр-чатактар болуп келет, ошол коңшу өлкөнүн канатташ жайгашкан райондорунан да студенттер келип окушчу. Мына ушундай социалдык-саясый мааниси бар окуу жайлардын өз алдынча макамын жулуп алып, бир кончко тыгып салуу кимдин ашынган акылы ыя?! Анчалык кыйын экен бакандай үч окуу жайды университетке алып келип кошуп салгандын ордуна, аймактык окуу жайларга күчтүү, менеджер ректорлорду алып барып, дээрлик өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуусун, сапаттуулугун талап кылса аймактарды көтөрүү принцибине шайкеш келмек. «Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» менен араңдан зорго иштеп келе жаткан улуттук университеттин учурда 22 түзүмдүк бөлүктөрү, тактап айтканда, институт-факультеттери жана 2500гө жакын кызматкерлери бар. Чарбалык бөлүмдөрү көп, эми гана араңдан зорго саздан чыгып келе жаткан улуттук университетти алганда, мынча жүктү тартып кетеринен күмөнүм бар. Эмне, Ошко, Ысык-Көлгө, Жалал-Абадга өз алдынча университеттер керек, ал эми чакан облустар болгон үчүн Баткен, Нарын, Таласка кереги жокпу? Ансыз да ички “былык-чылыгы” көп, “бармак басты, көз кысты” жактары толтура, эзелтеден интригадан башы чыкпаган “чал-кемпирлер” башкарган улуттук университет жаңы кошулган аймактык үч ЖОЖду сиңирип кете алар бекен? Өзүнүн ортозаар деңгээлин УИАнын суу ресурстары институтун жетектегенде далилдеген азыркы ректор Догдурбек Чонтоевди эмне мынча эркелетип жатышат? Ал жөнүндө интернеттеги маалыматтарда жубайы Ч.Жапарова аттуу айым экенин билдик. Жиптин учугун уласак, Д.Чонтоев экс-өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жездеси деген маалыматтар бар. Министрлер кабинетинин төрагасы кезинде Акылбек Жапаров жездесине ири университетти белек кылганы аз келгенсип, эми бакыйган үч университетти кошуп бергенине айраң таңгаласың. Бул боюнча алдыда дагы сөз кылабыз...  


Амантур Мусагул уулу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер