Акыркы кабарлар
14:12
» Коом » Өмүрзак Төлөбеков: “Президент Садыр Жапаров “Манас ыйык эмес” деп айткан эмес”
Өмүрзак Төлөбеков: “Президент Садыр Жапаров “Манас ыйык эмес” деп айткан эмес”
15-август, 08:39

-- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” тасмаңыз 25-августта Бишкектен баштап коюлганы жатат. Ага каршы тараптар дагы эле токтолбой, уу-дуу күчөп калды. Алды кинону токтотуу үчүн сотко кайрылганы жатыптыр. Кандай жооп айтасыз?-- Тасмабыздын айланасында уу-дуу -- биз аны тартып киргенде эле башталган. Бул – күтүлгөн көрүнүш. Адегенде мен бул улуу темага кандайча, кантип узанганым тууралуу учкай түшүндүрсөм. Болбосо, мени атак-даңк, акча үчүн улуу темага киришкендей туюндургусу келгендер бар. 2012-жылы биздин “Президент жана бомж” тасмабыз “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлүп, анын мүчөлөрүнө чогүү кол койдуруу үчүн комиссия төрагасы Мар Байжиев экөөбүз бир топ убакыт бирге жүрүп иштештик. Аягында Мар аке: “Москвада окуп, чет өлкөлөрдө байланыштарың бар экен, сенин колуңдан келчүдөй, “Манасты” киного тартууга киришпейсиңби?!” деди. Мен чочуп кеттим. “Жок, ылайыгы келбейт го. Биринчиден, улуу эпосту киного айлантуу үчүн өтө зор каражат кетет. Бизде азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Экинчиден, эпосто миф, жомок элементтери көп, ал бойдон берсек, азыркы кино талаптарга төп келбей калат. Киного ылайыктап өзгөртсөң көптөр ызы-чуу чыгарышат: “Элдик улуу дөөлөттү бузуптур!” деп ошондо, мындан туура он жыл мурда эле билдиргем. “Азыр компьютердик графиканын заманы, мен эсептеп жүрөм, бир миллион долларга тартса болот. Экинчиден, ар манасчы “Манасты” ар башкача айткандай, киного ылайыктап өзгөртүү киргизгенге укук бар” деди эле. Байжиев кыргыз адабиятында Айтматов, Касымбековдон кийинки эле мен сыйлаган улуу талант. Ал кишинин бул сунушун улуу муун адабият, маданият чыгаандарынын мага аманаты катары кабылдагам. Көп жыл оюмдан кетпеди. 2-3 жылдан кийин таанымал акын, “Манас эл” кыймылынын жетекчиси Асан Жакшылыковго жолугуп, эпоско байланышкан кино тартууну болжоп жүргөнүмдү айтсам, ал киши: “Манастын” душмандары көп!” дегени көкөйүмдө калды.
“Алар кимдер?” деп жүрдүм. Манастын аталаш инилери Абыке менен Көбөштүн, Манас менен Семетейди жайлашкан Коңурбай менен Кыястын укум-тукумдары, кыргыздын абалкы касы калмактардын урпактары болбогон бир шылтоолорду бетке кармашып, ар кандай каршылыктарды жасашары турулуу эле. Аларга эпосту өздөрүнө көндүм болгон мифтик негизде кинодо чагылдырылышын талапташкан “манасчылар” жана азыркы бийликтин ар бир ишине кучунаштары кармаган оппоненттери кошулушуп, айткандай эле чоң ызы-чуу чыгарышты.
Азыр бизге коюлган дооматта билдирип атышты: “Океев менен Шамшиев эмнеге тарткан эмес? Күчтүү профессионалдар тартыш керек” дешип. Биринчиден, 70 жылдык Советтик түзүлүштө бизге үстүртөдөн башчылык жасаган орустук шовинисттик саясат буга жол берген эмес. Ал эми Кыргызстан эгемендик алгандан кийин экономикалык каатчылык кирди. Анын үстүнө кино тартуу санариптештирүүгө (цифровизация) өтө электе пленка үчүн эле бир нече ондогон миллион сом талапталчу. Биздин тасманы көрүп, Кыргызстандын Советтик учурундагы башкы идеологу, Жогорку Кеңештин алгачкы спикери Медеткан Шеримкулов кино режиссёр Шамшиев “Манасты” киного айлантуу боюнча кайрылып жүргөнүн, бирок, каражаттык мүмкүнчүлүк жоктугунан сунушу, каалоосу аткарылбай келгенин айтты. Биздин “Манастын уулу Семетейди” көрүп, ал киши: “Өмүрзак, даяр бол, алдыда далай кулагың ысыйт. Эл деген ар кандай сындарды айтат. Анткени көпчүлүк элдик улуу эпоско өтө аяр мамиле жасайт. Ар ким ар башкача кабылдайт. Мен көп жылдык кинолорду талдаган адис катары айтайын, бул тасма элге тартуулоого татыктуу, Кыргызга керектүү чыгарма болуптур” деп кубанган.
Айрым манасчылар менен оппозициялык саясатчылардын кээ бирлери соцтармакка каршы пикирлерин, алды сотко кайрыларын билдиришиптир. Башкы дооматтары – “улуттук дөөлөттү бурмалаган”. Ушундай дооматтар коюларын алдын ала таасын билгендиктен, мен сценарийди жалаң эпоско эмес, Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун 40 жыл сахналарда коюлуп, көп өлкөлөрдү аралап, элге кеңири тараган “Манастын уулу Семетей” драмасын негиз кылып даярдагам. Алар барабан каккандай тасма Кыргызды басмырлабай, тескерисинче, ааламга даңазаларын Медеткан Шеримкулов, Роза Айтматова, Кайыргүл Сартбаева баш болушкан кыргызга Опол тоо эмгектери сиңген көрүнүктүү коомдук жана маданий ишмерлер билдиришип, президентке кайрылуу жолдошкон.
Ал эми тасманын деңгээли кыргыздын гана эмес, эл аралык кино талаптарына туура келерин Москвада, Анкарада жабык көрсөтүүлөрдө россиялык, түркиялык кино адистер жана эл аралык “Түрксой”, “Жибек жолу” уюмдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү таасын белгилешти.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков бизди “маңбаш” деп тилдеп, “кесепети тукумуна тийет” деп каргап, өзүнүн пас деңгээлин айкын көрсөтүп, анан “киного эл агылып, Төлөбековдун чөнтөгүн толтурат” деп эзелтен аялы Окенова экөө “Президент жана бомждон” бери менден акча талашып көнгөн күйгүлтүгүн ашкерелептир. Кудай буйруп, чындап эле киного жакшы каражат түшсө, биз аны кыргыз киносун, руханий дүйнөсүн өнүктүрүүгө жумшоо ниетиндебиз. Сыдыков “Манасты” айтканы, арийне, жакшы жумуш. Бирок, аны бир сутка, үч сутка тынбай айтканы ким үчүн?! Ким эле ага кошулуп памперс тагынып уктабай, тамактанбай суткалап “Манас” уксун? Антип күн-түндөп эпосту жатка айтуу жана аны угуу китеп, радио, теле, сотка жок кездеги өткөн замандын өнөрү. Азыр аны Сыдыковчо суткалап айтуу кайра “Манастын” арты менен өздөрү айтмакчы, атак-ат, каражат топтоого болгон популисттик аракет болуп жүрбөсүн?!
-- “Манас” кино аркылуу кеңири тараса, жыйынтыгын кандай элестетебиз?!
-- “Манасты” киного айлантуу бул бүгүнкү учур, заман талабы. Сыдыковго окшогон айрымдар “киного тартылбасын!” деген менен тартылбай калбайт. Алар эски миф, жомок менен эчак өткөн заманда жашап кала беришкендей таасир калтырат. Кыябы келгенде бир жагдайды кыстара кетейин. Жакында Дөөлөт жазыптыр: “Манастын уулу Семетейди” резиденцияда көрсөтүүдө президент Садыр Жапаров “Манас ыйык эмес” деп айтыптыр” деп. Президент антип айткан эмес, Сыдыков мамлекет башчынын сөзүн бурмалабасын. “Дөөлөт мени каяктагы шаманизм менен коркутпасын!” деген анда Садыр Жапаров. Сыягы, Дөөлөт “Манастын арбагы урат, сырдуу күчтөр жазалайт” деген го. Сырдуу күч демекчи, алар мени да коркутуп келатышат. Тескерисинче, улуу күчтөр колдоп, коргоп, жолубуз ачык болуп, кинону тартып бүтүп, бир канча өлкөлөргө таратканы турабыз, буйруса. Президент Жапаров айтмакчы, Дөөлөт жана ага окшогондор бизди коркутушпасын. “Кыргыз маданиятына күйгөн бирөө болсо, ал менмин!” деп көкүрөк керген чала сабат, эски заман нугунда калган Сыдыков эмес, кыргыз маданиятын заман талабына жараша кызмат жасашкан руханий дүйнө кызматкерлери көтөрөт.
-- Тасма боюнча блогер Эрлан Бекчороев сотко берүүгө даярданып, кол топтоп жатканын билдирди. Ага кандай жооп кыласыз?
-- Ким экен ал? Кыргызга кайсы эмгеги менен таанылыптыр? Азыр ошондой оозу менен орок оргон популисттер, отуруп алып өзүнүн ким экенин, деңгээлин билбей ар кимге асылгандар көбөйдү. ФБдагы профилине кирсем “Туран” партиясынын төрага орун басары” дейт. Эл билбеген жайнаган партия болумуштардын биринин өкүлү тура. Анан бир билгеним “Туран” дегендин башчысы Жеңиш Молдокматов бийликке тиш кайраган, жакында түрмөдөн чыккан саясатчы болсо керек эле. Өткөндө мага бирөө чалыптыр, ушул Бекчороев менен дебатка чакырып. Дебатка ким ким менен чыгат -- анын эрежеси бар да. Айталы, президенттик шайлоодо башкы эки талапкер талашып-тартышып, позицияларын тактайт, элге дааналайт. Мен уу-дуу жараткан кино тартып атсам, ал ким экен мени менен талкууга түшкүдөй?! Көчөдө жүргөн ар бир популист, карьерист менен жакташа бергенге иш жасаган кишиде убакыт болобу?! Ошол неме мени, анан президент Жапаров менен Ташиевди “далбарики” дегенин окуп, “акыл-эси ордунда немеби?!” деп таңданып койгом. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дейт го... Бизге каршы сотко арыз бергиси келгендердин дооматтары менен таанышып, тажрыйбалуу юристтер мыйзамга ылайык алардын дооматтары негизсиздигин, кылмыш составы жана жабырлануучу жок экенин билдиришти.
-- “Азаттыкка” манасчылар Баялиев менен Көчөрбаевдин тасманы чыгарбоо тууралуу бийликке кайрылуусу жарыяланды. Ал боюнча оюңузду уксак?
-- “Талкууда ага катышкан 28 кишинин баары каршы болгон” дептир Көчөрбаев резиденциядагы жабык көрсөтүүнү эскери . Анда 4 киши каршы, 4 киши колдоп пикир билдирген. 28дин арасында президент, маданият министри, кино департамент башчысы жана тасманы колдоп жүрүшкөн 5-6 инсандар, алар менен кошо биз аткаруучу продюсер экөөбүз да отурганбыз. “Баарыбызды каршыбыз” деп жомокту урдуруптур жомокчу Көчөрбаев. “Сунушталган оңдоолор киргизилбептир” деп жалган билдириптир. Көп алымча-кошумчалар жасалганына көз жумушуп. Ушул сымал бир жактуу, азыркы кино индустриясынан алыс, эскиче көз карашта калган инсандардын жат пикирлери гана...
-- Демек, тасма тоскоолдуктарга карабай элге тартууланат?
-- “Эл калыс, эл тараза” делинет. Жалпы коомчулук сынына коёлу. Көпчүлүк баа берет. Басымдуу калк кино менен иши жок, уккандары “чыкса көрөбүз” деген ойдо. Бааны кинону көрүп берет. Ал эми анча-мынча саясатчылар, маданият тармагындагы оппоненттер чечпейт тасма тагдырын.
Ал эми алар карманган андагы президент Роза Отунбаева кол койгон “Манас” эпосу тууралуу” мыйзамга каршы келген сценалар жок. Айрым окуялар киного ылайыкташтырылып берилип, өзгөрүүгө учураган. Эпостун маанисин, идеясын бурмалоого жол коюлган эмес.
“Манас” үчилтигибиз кыргыз элинин, ошону менен катар жамы дүйнө журтунун асыл мурасы. Азыр айрым эл аралык барктуу интернет булактары тасмабызды бир канча тилдерде даярдап атышат. Алар үчүн биздин кыргыз оппоненттерибиздин дооматтары такыр эле жүйөөсүз.










