Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умар Анарбаев, серепчи: “Эки дос акыл калчап, кеңешип иш кылууда”

Умар Анарбаев, серепчи: “Эки дос акыл калчап, кеңешип иш кылууда”

08-июль, 18:30
453 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Умар агай, бийликке нааразы болгондор көбөйүп баратабы? Оппозиция чоң күчкө айланышы мүмкүнбү?

-- Кыргызстанда эл ишенген лидер жок. Азыркы “оппозициямын” дегендер “эптеп кызматка илинсем” деп кресло менен ооругандар. Ошон үчүн оппозиция күчтөнбөйт. Анткени, конструктивдүү ой-пикирди айта алышпайт. Алар Кемпир-Абадды бетке кармашып, шылтоо кылышканы менен баардык нерсе далилденди. Өкүнүчтүүсү, арасында мени менен мурун чогуу жүргөндөр да бар. 

-- Бийликтин аракетин да кыстара кетсеңиз?

-- Азыркы бийликтин талыкпай иштеп жатканында калет жок. Кемпир-Абад маселесин чечүүдө эки мамлекеттин кызыкчылыгы тең эске алынып, анан чечилди. Чынында мурдагы башчылар түштүк регионундагы 33 анклавдын биринин дагы жоопкерчилигин алып, чечкен эмес. Эки дос эптеп өзүбүздүн мөөнөттү иштеп бүтөлү, чийеленген маселени кийинки муунга калтырып коёлу деген жок да. Бийлик чек ара маселесин чечүүдө эки тарапка тең пайдалуу иш кылышты.

-Бирок, кыртышы сүйбөгөндөрдү кантебиз?

-Албетте, нааразы болгондор дагы бар. Менин баамымда, азыркы бийлик коррупция, контрабанда, наркотрафик менен катуу күрөшүп жатканы, жеп-ичкендерди жазалаганы көптөргө жакпай жатат. Ошон үчүн нааразылар чыгууда. Байлыгынан кол жуугандар, кызматтан кеткендер мезгилди күтүшүп, тиштерин кайрап жаткандай сезилет. Бирок, бийликтегилер да акыл калчап, кеңешип иш кылууда деп ойлойм. Кээде эч ким күтпөгөн кадамдар жасалуудаКокуй, прокурор 20 жыл сурады деп жатышты эле, аныгында “кемпирабадчыларды тартипке келтирип, ашыкча кеткенинин тизгинин тартып, жыйынтыгында толук актатып койду го! Бийлик Кыргызстанда тынчтык болсун деп кеменгерлик кылды. Чынында алардын акталышын камактагылар да, башкалар да күткөн эмес. 

-- Коррупция менен бир жактуу күрөшүп жатышкан жокпу?

-- Мен “коррупция менен күрөшүү бир тараптуу” дегенге чынында макул эмесмин. Күрөш алгылыктуу эле жүрүүдө. Камчыбек Ташиев өзүнүн функциясын жакшы эле аткарып, чечкиндүү кадамдарга барып, жоопкерчиликти мойнуна алды. Элге жакшы көрүнөм. Эл эмне дейт?” деген түшүнүктү ойлобой, берген убадаларын аткарууда. Камчыбек Ташиев: “Коррупция менен күрөшөм, “кустурам”. Элдин мүлкүн кайтарам...” деген убадасын ашыгы менен аткарууда. Ошон үчүн колдоого алышыбыз керек. 

-Бийликке сын-пикир айткандарды жазалоо ашыкча эмеспи?

-Кемчилик эмес, ал бийликтин ыкмасы. Коррупционерлер менен экстремисттердин тизгинин тартууда ушул ыкманы колдонуп жатышат. Ошон үчүн муну кемчилик катары эсептебейм. Мен пахта койгуч эмесмин. Лоялдуу пикиримди гана билдирип жатам.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер