Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биз келечек багыттарыбыздын баарын Москвага өткөрүп бергенбиз”

“Биз келечек багыттарыбыздын баарын Москвага өткөрүп бергенбиз”

13-сентябрь, 12:28
1 245 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун ишмердигине кандай баа бересиз? Эмне үчүн таасирдүү өлкөлөрдүн расмий визиттери Кыргызстанга келбей калышты? Мындай шартта инвестициялык климат да кескин түрдө начарлаганы жашыруун эмес. Деги эле мамлекет катары өнүгүүгө үмүт кылсак болобу?” деген собол таштадык. 

Аскар Бешимов, дипломат:

-- Тышкы иштер министринин ишмердиги мамлекет башчынын тапшырмаларына ылайык болот. Бул баарыбызга белгилүү. Келечек багыттарыбызды биз баарын жыйыштырып келип, Москвага өткөзүп бергенбиз. “Андай эмес” деп эч ким каршы чыга албайт. Бүгүнкү заманда, айрыкча пандемия убакта экономика жабыркап, негизги тышкы саясатыбыз – карыз алуу саясатын ийгиликтүү өткөрүү болуп жатат. Кыйчалыш мезгилде ички саясатыбызды тыңдап, болгонун болгондой сактап калууда чоң милдет жүктөлгөн. Ушундай учурда инвестиция жөнүндө убактылуу унутуш керек. ТИМдеги болуп аткан жагдайдын көп нерсесин, ичи-тышы, ашканасына чейин билем, анын баарын учуру келгенде айтаармын. Азырынча ток этерине гана токтолдум. 

Токтогул Какчекеев, саясый серепчи:

-- Сурооңуз биздин тышкы жана ички саясаттын маанисиздигинен болуп жатат. Анткени, КСДПнын өткөн бийликте жасаган иштери ачык-айкын өткөрүлүп жаткан, үй-бүлөлүк, жердешчилик кландан тышкары болгон. Алган гранттар шарты менен өлкөнүн экономикасына каржыланып турган. Жардам көрсөткөн Евразия биримдигиндеги мамлекеттердин көпчүлүгү социал-демократтардын башкаруусунда эле. Анан Атамбаев КСДПнын арасынан Жээнбековду бийликке алып келди. Демек,  “шайланган жаңы президенттин командасы белгилүү социал-демократиянын нугунда болот” деген түшүнүк бар болучу. Бирок, жаңы бийлик КСДПны басмырлап, аны алсыратып, бөлүп-жарып жиберген. Мындай көрүнүш бийликтин курсу бүдөмүк жолго түшкөнүн кабарлаган. Натыйжасында Конституциянын талабы бузулуп, укуктук жолдон чыгып, экс-президент камалган. Бул маселеге Кой-Таштагы атайын аскердик операция да кошулуп, ал жердеги жапа чеккендер, жарадар болгондор, өлгөндөр сырткы байкоочулардын үрөйүн учурду. Демек, ички жана тышкы саясат кескин түрдө өзгөрүп кеткени байкалды. Өзгөчө эл аралык социал-демократтардын баш катчысы Луис Айала Кыргызстанга келип, абалды көрүп, эл аралык уюмдарга маалымат бергенден бери суз мамиле пайда болду. Атамбаевге тагылган күнөөлөр жана ага кылган мамиле Батыш өлкөлөрдүн көз караштарына дал келбейт. Ошондуктан карым-катнаштагы эл аралык мамилелерде болгон иштер, грант жана кредит берген өлкөлөрдүн жардамы элге жетпегени ачык айтыла баштады. Ушундан улам, ишенимдин (негизги стандарт) бузулушу суз мамилеге алып келди. Болбосо, тышкы саясатта ТИМ өтө чоң иштерди аткара алат. Бирок, бир гана Россия Федерациясындагы элчи Аликбек Жекшенкуловдун гана иши көзгө көрүнүүдө. Калгандары дарексиз сапаттагы элчилер болсо буга ким канааттанат?

Ишенгүл Болжурова, коомдук ишмер:

-- Министрдин ишине ар дайым көз салып турам. КОВИД-19 илдети учурунда колдон келишинче жакшы иштеди. Муну эмнеликтен айтып атам? Биздин мамлекетке чет жактан келген дары-дармектер, медициналык ар түрдүү каражаттар өз убагында ушул министрликтин күчү менен алынды да. Бир канча чет тилди мыкты өздөштүргөн, баардык жагдайды билип-түшүнгөн, билимдүү жигит. Албетте, баары эле анын башкаруусунда эмес. Тышкы саясатты президент жүргүзөт. Сырттан келе турган инвестициялар каалайбызбы-каалабайбызбы азаят. Анткени, бүткүл дүйнө жүзүндөгү баардык мамлекеттер учурда өзү менен өзү жуурулушуп, сырттан инвестицияга ишеним артпастан, ички потенциалдарын колдонуу жагына өтүштү. Буга ошол эле ааламды каптаган коронавирус илдети түрткү берди. Мындайда биздин мамлекет ишти ТИМге түртө салбай, ички ресурстарды туура пайдалануу жагын караштырышса (!) дейт элем. Өзүбүздү карап, анализдеп, чет өлкөлүктөрдүн жакшы тажрыйбасын алып, оор кырдаалдан чыгып кетсек болот. Эмне үчүн биз бирөөдөн “гуманитардык жардам же инвестиция бергиле” деп жардам сурап турушубуз керек?.. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер