АКШ өкмөтү 2021-жылдан бери 290 миң адамдын жашоосун оңдоду


2024-жылдын 10-июлунда Бишкекте өткөн АКШ өкмөтү каржылаган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору 2021-жылдан бери 42 өнөктөш муниципалитетте 290 миң адамдын жашоосун оңдоду. Бул демилгенин алкагында жаңыланган жана жаңы киргизилген 95 кызмат көрсөтүү ишке ашты. Алардын ичинде таза суу менен камсыздоо жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу өңдүү негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн баштап, балдар үчүн англис тили, музыка ийримдери жана спорттук секциялар сыяктуу кошумча класстан тышкаркы иш-чаралар да бар.
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) каржылаган долбоор жыл сайын өтүп келаткан ири иш-чаралардын бирин – аймактардын форумун өткөрүүгө көмөктөштү. Бул форум жеринде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу аркылуу айылдардагы жана шаарлардагы жашоонун сапатын жогорулатуу боюнча пикир алмашууга багытталган платформага айланды.
Бул жылы форум аялдардын өз жамааттарында позитивдүү өзгөрүүлөрдү жайылтуудагы өзөктүк ролуна басым жасады. Форумга Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынан мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 150дөн ашык өкүлү катышты.
Ар кайсы айылдык аймактардан келген лидер аялдар жергиликтүү кеңештердин депутаттары же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун лидерлери катары өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар жергиликтүү мыйзамдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга кандайча жигердүү катышканы жөнүндө айтып беришти. Лидер аялдар мыкты жыйынтыктарга жамааттарды артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуу процессине тартып, кайтарым байланышты түзүү аркылуу жетише алышты.
“Кыздарыңызды, эже-карындаштарыңызды, жубайыңызды жана энелериңизди саясый турмушка, чечим кабыл алууга катышуу ниетин кубаттайлы! Башкаруу органдарында шайлануучу кызматка талапкерлигин көрсөтүүнү чечкен аялдарды колдоп бериңиздер! Аймактардын форумунда өз тажрыйбалары менен бөлүшүп жаткан лидер аялдар менен таанышып, эч тайманбастан алардын жолун жолдогула!” деди Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс айым жашоочулардын бакубатчылыгын жакшыртуу үчүн жарандык коом менен өкмөттүн ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Бүгүнкү форумда лидерлик жөнүндө чыныгы окуяларды айтып берүү менен биз аялдардын жетишкендиктерин даңазалап жатабыз. Лидер аялдар өз жамааттарын инновациялык идеялар жана уникалдуу мүмкүнчүлүктөр аркылуу өзгөртүү менен туруктуулукту, көрөгөчтүктү жана боорукерликти көрсөтүшүүдө”.
2021-жылдан бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында 900дөн ашык муниципалдык кызматчы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары окуудан өтүштү. Бул окуулар алардын кызмат көрсөтүүнү пландаштыруу, уюштуруу жана каржылоо көндүмдөрүн жогорулатты, ошондой эле жарандарды башкарууга тартууга көмөктөштү.
АКШ элчилигинин басма сөз кызматы
"Азия Ньюс" гезити











