Асел Кодуранова, экс-депутат: “Сооронбай Жээнбеков менен Кашкар Жунушалиевди сотко чакырып атабыз”

-- Асел айым, Кой-Таш окуясы боюнча сот иштери эмне болуп атат?
-- Соттук териштирүүгө Орозбек Опумбаев менен Талант Салиев келди. Алар бири-бирине шылтап көрсөтмө беришкендей болду. Кашкар Жунушалиев жана Сооронбай Жээнбеков келе элек. Ар бир сот отурумда “ушу эки фигурантты күбө катары чакыргыла, окуянын кандайча болгонун айтып беришсин” деп эле атабыз.
Учурда соттук иш биз тараптагыларды сурап баштады. А эмне себептен башында бир тараптуу кетип, Жээнбековдун тушундагы бийликтин адамдары сүттөн ак көрүнүп, Атамбаевдин тарапташтары баарына күнөөлүү катары каралганы, натыйжада, чындык башкача экени айкындала баштады. Биз бул боюнча акырына чейин чыгабыз. Бир сөз менен айтканда, азыркы соттор туура иш жасап жатышат.
-- Кой-Таш окуясында спецназда кызмат кылган Үсөн Ниязбековдун каза болгону боюнча сотто кандай сөздөр айтылууда?
-- Соттук териштирүүдө бир спецназдын баласы айткан. “Биздин кесиптеш Үсөн Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин огунан өлгөн жок. Үсөн жанымда, 1-кабатта болчу. А Атамбаев болсо 3-кабатта эле. Муну мен абийирим үчүн айтып коёюн. Автоматчан бирөө биз жакка кирип келип, алгач үйдүн потологуна атып, андан кийин биз тарапка аткылаган эле. Үсөнгө, анан ары жактагы бирөөнө ок тийип, Үсөн каза тапты, берки бала оор жарадар болду” деп айтып берген. Ал жигит азыр иштеп атабы же жокпу билбейм.