Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кара-Буура районун Чыңгыз Айтматовдун атына өзгөртүүнү өтүнөбүз!

Кара-Буура районун Чыңгыз Айтматовдун атына өзгөртүүнү өтүнөбүз!

31-январь, 09:00
1 451 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго!

Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу кыргыз элим!

Күн сайын аалам алмашып, коом өзгөрүп жатканын көрүп атабыз. Парламент жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштагы мыйзамды алымча-кошумчасы менен өзгөртүп, 2021-жылдын 22-декабрында бир добуштан колдоп беришти. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров ошол эле мыйзамды колдоп, жаңы жылдык жакшы тилек менен 2022-жылдын 21-январында кол койду. Муну кыргыз эли кубануу менен кабыл алдык. Өлкөбүздөгү жер-суунун, айыл-кыштактын, район-шаарлардын жаңыча аталышы коомубуздагы жаңыча өзгөрүү экенин туура түшүнүшүбүз керек. Жашообуздагы тарыхты барактап көрсөк, орус империясынын доору жүрүп турган кезде Талас облусундагы Кара-Буура району 1917-жылга чейин Александровка айылы болуп аталып келген экен. Улуу Октябрь революциясынан кийин 1930-жылы район болуп уюшулуп, ага орус революционери, РСФСРдин НКВДсынын биринчи төрагасы, советтик саясый жана мамлекеттик ишмер Алексей Иванович Рыковдун аты берилген. Андан кийин 1938-жылы аталышы өзгөртүлүп, орус революционери, советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер Сергей Миронович Кировдун ысымы коюлуп, 1992-жылга чейин өзгөрүүсүз аталып келген. Андан кийин өзүбүзчө эгемен өлкө болгондугубузга байланыштуу районубуздун аты өзгөртүлүп, тарыхый аталышы Кара-Буура району деп аталып келди. 

Эми кептин ток этер жери, Кыргызстанды бүткүл дүйнө жүзүнө тааныткан заманыбыздын ойчул, залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов экенин эч ким тана албайт. Кара-Буура району Чыңгыз Айтматовдун киндик каны тамган жер. Азыркы аталыштагы Кара-Буура районуна мындан ары өсүп келе жаткан муундарыбыздын келечегине жакшы үмүт-тилек менен кыргыз элинин чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтырууга убакыт келди. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Бул элдик демилгени колдоп коюуңуздарды өтүнөбүз. Мындан ары Кара-Буура районун, Чыңгыз Айтматов району деп аталышын мыйзам чегинде парламенттен жана президенттен кабыл алуусун суранабыз! 


Жыпаркул Тургуналиев, демилге тобунун жана “Элдик” көп тармактуу ишкананын башчысы  

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер