Хандык башкаруудагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан жогору турат
Борбор Азиянын мамлекет башчылары чогулган Ташкенттеги саммитке Нурсултан Назарбаевдин барып алганы эл аралык коомчулукта сын-пикир жаратты. Экс-президент болгондон кийин сыйы менен эле отурса болбойт беле? Дипломатиялык эрежелерде да мындай көрүнүш өтө өөн учураса, деги Назарбаевдин орду учурда кандай бааланат? Ошондо Казакстанда президент Токаев эмес, эл башы улук экени, баардык мыйзамдардан аттап өтөрү, өзүм билемдиги менен дүйнө элдерин таңгалдырганы ушулбу? Мындай өнөкөт коңшу элдерге “вирус” катары тарабаса экен! Борбор Азияда Кыргызстандан башка өлкөлөр авторитардык, хандык башкарууну жаратып атса, биз демократия, эркиндигибиз үчүн сыймыктанып жашасак болот турбайбы! Кыргыздар президенттерин кубалайт, же алар өздөрү бийлигин өткөрүп беришет...
Aryba.kg