Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылчы Сарыбаев: “Саясаттагы акыр-чикирлер кетмейинче оңолбойбуз”

Айылчы Сарыбаев: “Саясаттагы акыр-чикирлер кетмейинче оңолбойбуз”

19-ноябрь, 12:00
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика жана финансы институтунун ректору, экономика илимдердин доктору, профессор менен маек.

-- Айылчы ага, өлкөбүздөгү саясый туруктуулуктун экономикабызга канчалык таасири бар?

-- Өлкөдөгү саясый абал эки-үч жылдан бери туруктуу болгону менен ылдый жагындагы, өкмөттө иштеген саясый чөйрөдө туруксуз. Жыл айланбай байма-бай министрлер алмашып атат. Мунун баары өлкөдөгү саясый туруксуздукту, элдин эмнеге ишенерин билбей элеңдеп, аржак-бержакты карап, ар кайсы сөздөрдүн, ой жорумдардын болушуна шарт түзүп атат. Өкмөттүн социалдык-экономикалык программасынын аткарылбай калганын четинен көрүп атабыз. Кечээ “мамлекеттик бюджет 35 миллиард сом дефицит менен чыгып атат” деген маалымат чыкты. Өзгөчө пандемия учурунда, мамлекеттер өз ара экономикалык санкция салып, бирине-бири экономикалык согуш жарыялаган мезгилде Кыргызстанда абал өтө оорлошуп кетти. Анын негизги себеби, биз импортко багытталган өлкөбүз. Элге керектүү тамак-аш, өнөр жай товарларынын көпчүлүгү (80 пайызга чейинкиси) сырттан келет. Бул эгер ошол өлкөлөр чек арасын жаап койсо, ошол өлкөлөрдө ар кандай экономикалык каатчылык болсо, биздин мамлекетибизге түздөн-түз таасири тийет деген кеп. Бизде “кант, ун, суумай, эт, жумуртка жетеби?” десе эле “ооба, алар чет мамлекеттен келмей болду, бул, тиги жак менен сүйлөшүп атабыз” деген принципке өтүп алганбыз. Бул принцип өтө туура эмес. Алар сатпай калса, же жабылып калса, же биз сатып алалбай калсак эмне болот? Мына ушунун баары өлкөбүздөгү экономикалык абалдын оор экенинен кабар берип турат. Эч кимге жашыруун эмес.

-- Өлкөбүздөгү экономикалык абалды парламент же курултай тескей алабы?

-- Республика ичиндеги жаңы кабыл алынган Конституциянын негизинде партиянын ролу дээрлик жоголду, жок десек да болот. “Партия” деген түшүнүк биз үчүн мындан 200 жыл мурунку кыргыз урууларынын жашоо образын элестетип калды. Парламент эмне чечет? “Эл өкүлүбү же эл өкүлү эмеспи, кимдин өкүлү?” деген суроого жооп берүүгө туура келип калды. Кечээтен бери элдик курултай деген маселени ойлоп таап алышты. Парламент турса курултайдын эмне кереги бар эле? Курултай элдин социалдык-экономикалык маселелерин чечеби, программаларды түзүп келдиби? Же болбосо парламент бекиткендерди кайра текшерип, ошолорду көзөмөлдөй турган органбы? Канчалык мыйзамдуу? Түшүнүксүз... Ушунун баары элдин жашоо деңгээлин төмөндөтүүдө.

-- Инвестиция боюнча эки ооз кеп?

-- Биздин мамлекетке сырттан инвестиция келиш үчүн коррупция жок болуп, өлкөдө мыйзам иштеш керек, соттор адилеттүү болуусу шарт. Чет элден келген инвестордун укугун коргой турган органдар болуусу абзел. Ал эми азыр бизде өзүбүздүн эл корголбой эле сотторго кордолуп турган мезгилде кайсы инвестор келет? Тескерисинче, Кыргызстанга келген мурунку бай кытайдын баары Өзбекстан, Тажикстанга качып кетишти. Бизге келип аткан орус, казак балдар өзүнө керектүү, өзүнө ыңгайлуу, элге кереги жок нерсеге кызыгып келип атышат.

-- Энергетика каатчылыгы бизде эле ушундайбы же?..

-- Биз эмес, укмуштуудай өнүккөн Европа өлкөлөрү энергетика кризисинин босогосунда турат. Булар кыштан кантип чыгат? Эмдиги жылы бул өлкөлөрдө саясый экономикалык абал кандай болот? Аны эч ким алдын ала айта албайт. Алтургай Англияда бир-эки айга жетпей премьер-министр алмашып атат. Азыркысын да “кетсин!” дегендер жок эмес. Кудайыбыздай көргөн Американын өзүндө президенттер бири-бири менен салгылашып, бири-бирин гезиттерге жолотпой күнөөлөп, четинен “соттошобуз” дегенге чейин барып калышты. 

А Кыргызстандагы энергетика каатчылыгын айтпай тек коёлу. Ансыз да жарык баардык аймактарда маал-маалы менен өчүп атканын баарыбыз көрүп атабыз. 

-- Биздин интеллигенция кайда кетти же ач кулактан тынч кулак болуп дымып жатышабы?

-- Аксакалдарыбыз, интеллигенция жок эмес. Аларды чакырып алып кеңешип, айткандарын уккан бирөө-жарым барбы? Кептин баары ушунда. Баарын тең коркутуп-үркүтүп “камайм” дей берсе, ачык-айкын, туурасын айтсаң, “сен жинди экенсиң, чыр экенсиң” дей берсе, ким сүйлөйт? Андан көрө “ач кулактан тынч кулак, аман-эсен тура туралы” дешет да. Кытайдын ойчулу Конфуций агып аткан дарыянын жээгине келип, “суу бетиндеги акыр-чикирлер качан агып кетет деп күтүп атам” дегендей, бизде дал ошого окшоп турган мезгил. Таштандылар кетмейинче оңолбойбуз...

-- Кадрлар боюнча коомчулукта сын пикирлер көп болуп атат, буга не дейсиз?

-- Кадрларды сындай албайм. Башында чалмакей чалып, министрликтерди бири-бирине кошуп, ирилештирип баштаган. Ал нерсенин натыйжасы азыркыга чейин түшүнүксүз. Келген кадрлар ким экени белгисиз. “Тиги же бу жаман” дегенден алысмын, бирок иш тийешелүү деңгээлде жүрбөй, көп маселелер чечилбей калууда.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер