Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровдун мамлекетти өнүктүрүү боюнча программасынан кабарыңыз барбы?

Садыр Жапаровдун мамлекетти өнүктүрүү боюнча программасынан кабарыңыз барбы?

29-январь, 14:21
1 680 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Садыр Жапаровдун мамлекетти өнүктүрүү боюнча программасынан кабарыңыз барбы? Бул жааттан кандай сунуш айтат элеңиз?” деген собол таштадык. 

Кумарбек Мейманкулов, саясый серепчи:

-- Жалпы калк бул аралыкта мамлекеттик бийлик үчүн кызмат кылып келди. Эл ичинде өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, соттун кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй түштү. Мамлекет төңкөрүштөн төңкөрүшкө чейин жашап калды. Калктын “ишеним” деген улуу сезими отуз жылдык өмүрү менен тебеленди. Эми Садыр Жапаров көпчүлүк элдин ишенимине кирип, “журт жоопкерчилигин өз мойнума алдым” деп кадам таштады. Тарых чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты, эми артка кылчайбай, таза барактан баштаса болот. Президенттик бийликке багытталган жаңы Конституция демократиялык принциптерден тайбай, улуттук баалуулуктарга негизделген, дүйнөлүк аренада татыктуу ордубузду карай улуу агымдын башаты, максаты болсун, урматтуу улуу журт! Жалпы калайык калкты мамлекеттин келечегине кайдыгер болбой, өлкө өнүгүүсүнө катышууга чакырам! Омоктуу ойлордун, түрдүү сын пикирлердин жана жаңы идеялардын, тилек-кыялдардын аянтчасы болуусу сиздерден көз каранды, окурман!

Менин оюмча, биринчиден, тыкыр изилденген элдик люстрация (мыйзамдар жана келтирилген зыяндар аркылуу) керек. Экинчиден, коомдогу теңсиздикти (бай-кедей, салыктар менен айлык адилеттүүлүгү) жоюу зарыл. Үчүнчүдөн, сарамжалдуулук саясаты (мамлекеттик жеңилдиктерди жоюу же азайтуу, зарылчылык бюджетин түзүү) жүрүш керек. Бул кыска аралыкта жасалчу батыл реформаларды жаңы шайланган президентке сунуш этмекмин.

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:

-- Садыр иним өзүнүн мамлекетти оңдоо боюнча пландарын көп жылдар бою акыл калчап, ичинде бышырып келген. Ошондуктан ал баардык жерде бүдөмүктөнтүп, “көрөбүз, ойлонобуз” деп табышмактантпай, ачык эле “көрөсүңөр, баарын оңдойбуз, жегичтерди жоёбуз, мамлекетти бутуна тургузабыз” деп ачык, ишенимдүү айтып жатканы мени да ишеничке байлап турат. Садыр иним камалганга чейин чет мамлекетте жүргөндө байланышта болчубуз. Ошондо деле күйүп-бышып акыбалыбызга жаны кашая берчү. Ал өткөн катачылыктардан күчтүү сабак алганы көрүнүп турат. Ошондуктан эл дагы жалпы Садыр иниме ишеним артууда. Ал оор убадаларды тайманбай эле берип жатат. Чындыгында мындай убаданы өзүнө чындап ишенген адам гана бере алат. Ооба, убагында Алмазбек Атамбаев деле бийликти басып алгандан кийин “көрөсүңөр, Кыргызстанды 6 айдын ичинде гүлдөгөн мамлекетке айлантабыз!” деп кыйкырып чыккан. Керек болсо Ата-Бейитке барып, тизилип алышып ант да беришкен. Акыры аларды ошол өздөрү айткан "төшү түктүү жер, төбөсү терең көк" уруп кетпедиби! 

Эми башкача болот, эң негизгиси, элибиз сабырдуу болуп, Садыр инибизге убакыт берип, анан жалпыбыздын кызыкчылыгыбыз үчүн колдоп турушубуз абзел! Буюрса баары жакшы болот, мен ага ишенем!

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Садыр Жапаров өзүнүн программасында “эң биринчи жакырчылыкты жоюу, анан коррупция менен артка кайтпас кармашып, 2-3 жылдын тегерегинде таптакыр жоготуу!” деп айтты. Программасындагы айтылгандар чекесинен аткарылып атканына өзүм күбө болуудамын. Кыска убакыттын ичинде өзүнүн командасы иштеп, анын ичинде УКМК башчысы Камчыбек Ташиев көптөгөн коррупциянын бетин ачып, алды түрмөдө отурат. Керек болсо жакындарын да аяган жок. Буга Мелис Аспеков мисал болуп берет. Эл аралык саясый аренада Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн баалап, күчтүү саясатчы экенин баса белгилөө менен сап башына чыгарып ийишти. Эгер Садыр Жапаров мурунку президенттер Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаевдей алкымы бузук болбосо, орто жерден акчасын тымызын ала коюп, кылмыштарын жаап-жашырса, анда иштин бүткөнү. Баягы таз кейпибизди кийип, итке минген абалга келебиз. Албетте, жалгыз өзү бул иштерди жасай албайт. Андыктан өлкөбүздөгү коррупция гүлдөгөн күч органдары, сот системасы, укук коргоо органдары, АКС, финпол, эсептөө палаталары менен бирдикте токтоосуз реформага баруу зарыл.      


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер