Коронавирусту таптакыр жок кыла турган дары табылды
Сколково технопаркында иштеп атышкан орус окумуштуулары бактерия жана грибоктор менен эффективдүү күрөшүштүн жолун табышты. Муздак плазма менен тазаланган суу башкалары гана эмес, SARS-CoV-2 коронавирусун да өлтүрө турган курал экенин таап чыгышты. Бул туурасында 1-апрелде News.mail.ru кабарлаганын "Кабарлар" жазып чыкты.
Суюктук «Мегнарил» деген ысым алды. Мындай сууда белоктордун бүт баары кырылат. А кургагандан кийин «Мегнарил» менен тазаланган жерде эч нерсе калбайт.
Бул технология төмөнкүдөй иштейт. Аппарат кадимки эле сууга түшкөн жугуштуу жана жугушсуз бөлүкчөлөрдүн газынан турган муздатылган плазманы иштеп чыгат. Андан соң анын атомдору электрондордун бир бөлүгүн жоготот да, натыйжада H2Oнун (суунун) молекулаларына кошула албай калат.
Бул вирустардын клеткасына доо кетире турган ар кайсы формадагы кислороддордун жана водороддордун пайда болушуна алып келет.
«Агрессивдүү» кислородунан тышкары да «Мегнарил» хлорноватисттүү кислотанын эсебинен да вирустарды жок кылат.
«Мындай кислотанын тузунун ондон бир проценти сууда коронавирустун көбөйүшүнө тоскоол болот. А кислотанын өзү тузуна караганда да активдүү. Бул патогендин көбөйүшүн гана токтотпостон аны биротоло жок кыларын болжолдоого болот», - деп түшүндүрдү Сколководогу «Магнарил аква лаб» компаниясынын башчысы Дмитрий Балаболин.
Мындай суу менен беткаптарды, баардык нерселердин үстүлөрүн тазалоого жана абага чачса да болот. Ал адам үчүн коопсуз. Мындай суюктуктун бир стаканын кооптонбой туруп эле ичип койсо да болот.
Мындан сырткаары, «Мегнарил» имараттардын ичин нымдандырса аба патогендерден тазарат.
«Мегнарил» бир топ эле арзан – миң литри 100 рубль.
Азыр окумуштуулар патент алып, аны сериялык өндүрүшкө чыгарууга кам көрүшүүдө.