Кара-Балтанын тургуну 30 жыл мурун жерге катылган акчаларды таап алды

Кара-Балта шаарынын тургуну Евгений Иванцов кароосуз калган дачанын аймагынан совет дооруна таандык 102 даана тыйынды таап алды. Иванцов 5 жылдан бери кенч издейт. Ал үчүн металл издөөчү жабдыкка ээ болгон.
Шаардын сыртындагы бош жерди изилдеп жатып, күтүлбөгөн жерден тайыз жерден түйүнчөк таап алган.
Целлофанга түйүлгөн түйүнчөктө СССР учурундагы жез тыйындар болгон. Андагы 102 даана тыйын жакшы сакталган. Эски тыйындар 1948-жылдарга, жаңы тыйындар 1989-жылдарга таандык. Жалпы суммасы үч рубль отуз беш тыйынды түзгөн. Сексенинчи жылдар үчүн бул сумма жаман эмес акча болчу.
Шаардын мурунку жашоочулары бул аймакта СССР доорунда багбанчылык бир топ өнүккөнүн айтышат. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында бул аймак кароосуз калып, талкаланып кеткен.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, багбандардын бири чогулткан тыйындарын өзүнүн бакчасына катып койгон. Бирок эмнегедир аны пайдаланууга үлгүрбөй калган. Ошентип, тыйындар жерде отуз жыл жаткан.
“Турмуш”