Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мындай өзөк куйкалаган муң-зарды эч кимге каалабас элем

Мындай өзөк куйкалаган муң-зарды эч кимге каалабас элем

04-декабрь, 18:57
2 057 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Калың элдин катарынан калбастан Россияга барып, аз болсо да турмуш-шартымды жакшыртып алуу үчүн иштедим. Бир дүкөндүн коопсуздугун көзөмөлдөө кызматында түнкү нөөмөттө туруп, эртең менен келип, уйкуну кандыра уктап, кайрадан кошумча жумушка чыгып, кечке чейин эмгектенчүмүн.

Ошондой күндөрдүн биринде, кошуна бөлмөдө иним бирөөлөр менен телефондо сүйлөшүп отурган. Анан эле шашып мага алып келди. Жакын туугандарыбыздын бирөөсү экен. Анын үнүн укканда эле жүрөгүм бир жамандыкты сезсе да, акыл-оюм баарын жакшылыкка жоруп туруп алды. “Атаң катуу ооруп жатат, тезирээк келип калышыңды күтөбүз” дегени күнү бүгүнкүдөй кулагыма жаңырып турат. Шашылыш түрдө учакка билет алдым. Түз учуп барууга оң келбей калды. “Какаганга, муштаган...” дегендей, билет да тартыш. Баасы да беш эсе кымбат эле. Шашылыш алган билетим эки шаарга конуп, анан гана жетмек болду. Анысына да мейли, эки күндөн кийинки учакка билет алууга туура келди. Башка чарам жок. Ошентип эки күн бою эмне деген гана ойлор келбеди. Кол телефондор чыгып калган болчу. Чалган чалуума эч ким жооп бербейт. Атайын албай жатышты. Эч нерсени билбей эле келсин дешсе керек. Ошентип, учуп жөнөдүм. 10 сааттын ичинде эмнелер гана келбеди оюма. Акыры Кыргызстанга жетип келдим. Туугандарым аэропортко чейин келип, күтүп турушуптур. Алар менен көрүшкөндөн кийин шашылыш кабардын чоо-чайын сурасам, алар да жакшылап жооп бербей коюшту. Эч нерсе айтпай эле алып келгиле дешсе керек. Айылга жеткиче эки сааттын айланасында убакыт өттү. Келдик. Үйдүн жанына келип токтогон машинадан түшүп, үйдү көздөй бастым. Коштогон деле эч ким жок. Өзүм жалгыз эле басып баратам. Мен машинадан түшүп жөнөгөндө кошуна киши баласы экөө мени көрө калышып, биздин үйдү көздөй кирип кетишкен. Жолдо келе жатканыбызда сурасам, атаң ооруп жатат” деп гана коюшкан.

Тигил кошуналардын чуркап кирип кеткенин көрүп, шашып ал экөөнүн аркасынан чуркадым. Бир учурда чалынып кеттим. “Бул эмне болгон боз үй?” деп колумду сунсам, жетип калыптырмын. Баамдабай эле барып калган экенмин....

Кимден айрылганымды билбесем да, кыйкырып ыйлай баштадым. Боз үйдүн босогосунда тургандар эки жагымдан жөлөп, ичкери алып киришти. Атам менен апамды карасам ыйлап отурушат. Демек, алар аман экен, анда ким?” деп бир туугандарымды санай баштадым. “Баары түгөл болсо экен, Жаратканым, аман көрсөтчү!” деп жалбарып жаттым. Баарын санап бүттүм. Бирөө кем. Баарыбыздын эң кичүүбүз, сүймөнчүгүбүз катарда жок. Эмне кыларымды билбей калдым. Атын атап катуу кыйкырганымда айылдын башынан аягына чейин угулду окшойт. Айылдын эли кайра келе башташты. Кана иним?” деп сурасам, билет тартыш болуп, мен айла таппай жүргөн күнү эле коюлуптур. Муң-зардын ачуулугун айтпа! Андай өзөк куйкалаган абалды мен эч кимге каалабас элем....

 О ташбоор тагдыр! Аманчылык бер. Үйгө чогулуп баары келгенде кучакташа көрүшүп, сагыныч тарката сүйлөшүп, ар кимиси өз жетишкендигин айтып отурушсун! Оомийин! О Жараткан, туугандарга узун өмүр бере көр!..


Бектур 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер