Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күйөөм төрт баласын өзүнөн улуу айымга алмаштырып кетти”

“Күйөөм төрт баласын өзүнөн улуу айымга алмаштырып кетти”

29-сентябрь, 12:07
1 963 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка аябай эрте чыккам. Болгондо да 17 жашымда күйөөм менен сүйлөшүп жүрүп, ансыз жашоом жоктой сезилгенде, каршы болгондорго карабай турмушка чыгып кеткем. Алгачкы беш жылыбыз жакшы болду. Бактылуу жашадык. Бул учурда төрт балалуу болдук. Балдарымдын ортолору бир жаштан. Апам байкуш экөөнү карап, багып берди. Кийин “каруум кетип калды” деп өзүмө берди. Ушул жылдары тынымсыз иштедим. Балдарымды кээде жумушу жок калганда күйөөм карап жүрдү. Ошентип төртүнчү баламды төрөгөндөн кийин толуп да кеттим. Күйөөм болсо үйгө түнөбөй баштады. Төрт бала менен кантип күндүн батканын, таңдын атканын билбей калып жаттым. 

Күндөрдүн бир күнүндө күйөөм башканы сүйүп калганын айтып, үйдөн чыгып кетти. “Төрт бала менен кантип оокат кылам?” деп артынан таап бардым. Сүйүп калган аял өзүн тыкан караган, менден жаш көрүнгөн, сулуу неме экен. Күйөөм сөзгө келбеди. Ал эми аялы болсо мага чай алып берип, сүйлөшүүнү чечти. Анын айтуусунда, менин жүдөгөн кейпим, бетимдеги бырыштар, чачымдын таралбаганы аны жийиркентиптир. Ал чыныгы аял менен жашагысы келиптир. Мени сөзгө тарткан аял менден беш жаш улуу экен. Ошентип, күйөөм төрт бала менен жаштыгымды өткөргөн мени эмес, сулуу аялды тандап кетти.

Нурсия
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер