Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Токтоналиевдин алгы жүрүшү, же генералдык чинге бир кадам...

Азамат Токтоналиевдин алгы жүрүшү, же генералдык чинге бир кадам...

07-ноябрь, 20:11
2 874 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев ИИМдин алдыңкы кадры катары бааланууда. Кылган иши жипке тизген шурудай ырааттуу, так, көңүлгө толорлук экенин ачык айталы. Бул боюнча бир нече көрсөткүчтөр менен тастыктасак туура келет.

Ириде Азамат Токтоналиев Бишкек шаарынын башкы милициясы болгондон бери кылмыштуулуктун алдын алуу чараларын ишке ашырып, коомдук абалды жөнгө сала алды. Профилактикалык аракеттер жемиштүү жүрүүдө. Борборубуз дүйнөдөгү алдыңкы коопсуз шаарлардын катарына жакындап баратат. Аныгында кылмыштуулук кескин түрдө кыскарып, санариптештирүүнүн алкагында алгылыктуу жыйынтыктарды берүүдө. Ушул күндө кол жеткен жердин баарында видео байкоолор орнотулуп, “Коопсуз шаар” долбоору толук кандуу жүзөгө ашып калды. Милициянын аброю көтөрүлүп, эл ишенимине кирүү машакаты кубанарлык деңгээлде экенин жашырбайлы.

УКМКнын мурдагы имараты Бишкек ШИИББге өткөрүлүп берилгенден кийин кыска аралыкта оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Өздүк курам үчүн кам көрүлүп, заманбап деңгээлде иштегенге шарт түзүлгөнү алкоого татырлык. 

Аныгында, Азамат Токтоналиев борбор калаанын милициясын жетектегенден бери эки жылдан ашык убакыт өттү. Бул аралыкта кызматкерлердин материалдык-техникалык базасы жакшырып, тийешелүү заманбап жабдуулар менен камсыздалганы ырас. Милицияны ичи ара тазалоо, кесипкөй кадрларды даярдоо, профессионалдарды колдоо жагынан да үлгү көрсөтөрлүк деңгээлге чыкты. Эң башкысы, Азамат Токтоналиев жетекчи катары ак, так иштөөнүн натыйжасын көрсөтүп, туура багыт берүүгө жетишти. 

Айтмакчы, каарманыбызга 1-ноябрь ИИМдин 101 жылдыгына карата генерал-майор чин-даражасы берилери болжонуп, бирок артыкчылыктуу саамалык жаңы жылга жылып калганын уктук. Өздүк курамдын да бул боюнча колдоосу күч экени байкалууда. “Ийгиликтин эрте-кечи жок” демекчи, жаңырган жылга карай Азамат Шейшенбекович ак эмгегине жараша мамлекеттик деңгээлдеги сыйга татыктуу болоруна ишене туралы. Кудайдын буйругу, жогорку жетекчиликтин колдоосу көз жаздымда калбастыр...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер