Бүгүнкү сууктан да катуу кабар сиз болдуңуз...


Жаркылдап жайнаган жаздай элеңиз! Жаңылбасам Накен Касиев Ошко губернатор болуп барганда сиз пресс-катчы болдуңуз. Борборго мен Баткенден, Орозали Карасартов Жалал-Абаддан, сиз Оштон келесиз. Массалык маалымат каражаттарына тийешелүү семинарларга байма-бай келип турабыз. Бири-бирибизди көргөндө жаркылдап-жайнап, бир тууганыбызды көргөндөй кубанып калабыз. Экөөбүз ар дайым алыстан келген үчүн мейманканадан бир бөлмө алып, бирге турабыз. Ошондо сиздин асылкеч жан экениңизди билгем. Аялзатта кандай асыл сапат болсо, сизде ошол сапаттын баары бар эле. Кылдыратма дөңгөлөктүү чемоданыңыздын ичин жык толтуруп келесиз. Анын ичиндеги катар тизилген модалуу көйнөктөр, шуру-мончоктор, деги койчу, баары бар эле. Окуудан чыгып тамактанып алып, бөлмөгө киребиз. Сиз тынчыбайсыз. Бир карасам жазып отурасыз, кайра телефондон бир маселени чечип жаткан болосуз, же күзгүнү колго алып, сулууланып отурган болосуз. “Айнагүл, аялзаты бат эле толуп кетет экен, сен да алдын ал” деп мага арыктоочу гимнастикаларды үйрөтөсүз. Бирок болпоюп, өзүңүзгө турган турпатыныз жарашып турганын билбейсиз. Күлгөндө эле эмес, ар дайым эки ууртуңуздагы уяча сизге башкача жылдыздуулук тартуулап турар эле. Анан “ай, Орозали кайда экен?” деп Орозали акени издеп каласыз. Орозали аке олжолуу баштыгын көтөрүп, биздин эшикти такылдатып калат. Бизге келип, ырларын окуп берип, деги бир кишиге жамандыгы жок көздөрүн жылтыратып, “ырларым кандай экен?” дегенсип, жооп күтүп турган болот. “Ой, Орозали, сен баш-отуң менен ырга киришсең болмок” деп кеңеш бересиз... Сүйүү жөнүндө, мекен жөнүндө, пенде жөнүндө, Кудай жөнүндө ырларыбызды биз да окуйбуз, анан... А сыртта биздин ырларыбызды укпаган кымгуут заман...
Эх-х! Ошентип замандаш, жаңылбасам курсташ да белеңиз, Орозали Карасартов аке кеткен түбөлүктүү жакка сиз да узапсыз, эже! Кыргыз адабиятына, кыргыз журналистикасына да ак кызмат өтөп кеттиңиз. Нарындан Ошко келин болуп барып, бак-шактуу, бир уруу журт болдуңуз. Элге кызмат кылдыңыз. Жакындарыңызга сабыр тилейм. Кош, Жыпар эже! Ак кар кара жерге ак мамык болсун! Бейиштик болуңуз, эжеке!
Айнагүл Базарбаева
Ыр саптар
Эртеңдериң дарексиз да дайынсыз...
Белгилүү акын, бир нече жыйнактардын автору Жыпара Акунова арабыздан кете берди. Арты кайырлуу болсун. Акындын купуялуу ырлары дайым эл жүрөгүндө сакталат. Төмөндө акындын ыр дүйнөсүнөн тамчылар.
Эртеңдериң дарексиз да, дайынсыз,
Турмуш сен жандырмаксыз табышмаксың.
Колума тамчы болуп тамса бакыт,
Бүркүттөй шукшурулуп илип качтың.
Жомоктой кереметтүү жандүйнөмдүн,
Тынымын өчүң бардай бузасың да.
Талпынып, таруу сымал бакыт тапсам,
Таранчы болуп илип качасың да.
Төгүлгөн бариктери дарак сымал,
Күбүлүп, күйүп турса өрттөйсүң да.
Жаркырап жазгы күндөй тийип турсам,
Жалындап, нуруң төгүп өчпөйсүң да.
Дарбазаң ачык, жабык ким бирөөгө,
Тагдырым, таалайымды таптырбассың.
Көз жумуп кетип калсам ээрчий баскан,
Турмуш сен жандырмаксыз табышмаксың.
Мен сенсиз...
Мен сенсиз жашап жүрөм жашай албай,
Бир үмүттү көпөлөктөй айланып.
Жетпей келем талпынып сен тарапка,
Өткөн күнгө наристедей алданып.
Бекинип канча жылдын далдаасынан,
Ошол күндөр келет мени азгырып.
Тинтип турат дүйнөмдү тааныш кыял,
Түгөй жүрөк эми минтип азгырык.
Бул турмушта экөөбүз эки өйүз,
Үмүттүн көпүрөсү агып кеткен.
Чебеленип жээк бойлоп жүгүрсөк да,
Аруу сезим капкачан сууга чөккөн.
Мен сенсиз жашай албай жашап жүрөм...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











