Жапаровдун маалыматтык саясатын тескөөчү Жумаев тууралуу фактылар


Алтынбек Жумаев 1970-жылдын 1-январында туулган. Ал буга чейин бир катар телеканалдарда эмгектенген.
Билими:
1990-ж. – Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети;
2004-ж. – Кыргыз-Россия билим берүү академиясы;
2017-ж. – Ош мамлекеттик университети;
2021-ж. – ТИМдин алдындагы дипломатиялык академия.
Эмгек жолу:
1998-2005-ж. – КТРКда диктор;
2005-2006-ж. – президенттин аппаратында эксперт;
2006-2008-ж. – КТРК "Замана" студиясында жетекчи-продюсер;
2008-2009-ж. – КТРКда башкы директордун кеңешчиси;
2009-2010-ж. – "Сары-Өзөн" Чүй облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору;
2010-ж. – "Канал D" телерадиокомпаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
2017-2018-ж. – NUR телекомпаниясынын негиздөөчүсү;
2020-2021-ж. – президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт кампаниясынын жетекчиси;
2021-жылдын ноябрь айынан декабрына чейин президенттин администрация жетекчиси жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси;
2021-жылдын 28-декабрынан тарта президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси.











