Ашказан жарасынын алгачкы белгилери кандай болот?


Ашказанда же ичке ичегиде пайда болгон жаралар ашказан жарасы деп аталат. Жара ар түрдүү жашоо образынан, мисалы, диеата жана стресс же ашказандын кычкылынын көп болушунан келип чыгышы ыктымал. Бирок акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, алардын көбүн Helicobacter pylori бактериялары пайда кылат.
Жаранын белгилери айрым адамдарда катуу сезилсе, башкаларына көп сезилбеши ыктымал. Кээде жара эч кандай белги бербеши да мүмкүн. Эгер сизде ашказан ичеги жолдорунун, тамак сиңирүү системасынын оорулары бар болсо, төмөндө көрсөтүлгөн белгилерге көңүл бура жүрүңүз.
-- газдын көбөйүшү жана кекирүү;
-- сууну көп иче албоо жана ток болуп тургандай сезим;
-- тамак ичкенден кийин бир-эки сааттан соң кайрадан ачка болуу;
-- эртең менен турганда жүрөк айлануу;
-- чарчап-чаалыгуу жана адамдын өзүн жаман сезүүсү;
-- табиттин жоголушу;
-- салмактын жоголушу.
Эгер дарыланбаса ашказан жарасы ички кан агууну жана тез медициналык көмөк көрсөтүүнү талап кылган башка маселелерди пайда кылат. Кускан кезде кан аралашкан суюктук өтүшүп бара жаткан жаранын белгиси болушу толук ыктымал.










