Мас абалында участковыйды катуу сабаган Чыңгыз Курманалиев жазасыз калганда


Негизи жооптуу жетекчилик кызматтарга атайын текшерүүдөн өткөрүп, өтмүшүнө саресеп салып, анан коюш керек. “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей, терс сапаттары бар адам дегеле оңолбосу белгилүү. Ириде кадрлардын тажрыйбасынан сырткары жүрүм-турумуна, моралдык жагына да баа берүү маанилүү.
11-августта Ак-Талаа РИИБ начальниги Чыңгыз Курманалиев эмгек өргүүсүндөгү участковыйдын сыйын көрүп (мажбурлап), аягы көнүмүш зөөкүрлүгү менен жаңжал чыгарат. (Буга чейин эле кызматкерлерин чаап, тээп, кордук көрсөтүп жүргөнү айтылууда). Натыйжада, Чыңгыз мас абалында кол астындагы участковыйды басмырлап, кемсинтип, аягында канжалата сабап, өтө ырайымсыздык мамиле жасаган. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, оозу жарылып, тиштери шалкылдап, айтор, оор жаракат алыптыр. Бул окуядан кийин Чыңгыз Курманалиев кызматтан кеткени айтылууда. А эмне үчүн мыйзам алдында жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылган жок? “Карга карганын көзүн чокубайт” деген ушулбу? Эгерде катардагы жаран мындай мыкаачылык көрсөтсө, камалып кетмек да. Сот жообуна тартылмак. Ал эми милициянын начальниги кызматын тапшырып коюп эле суудан кургак чыга береби? Жогорку жетекчилик көзөмөлгө алып, мыйзамга ылайык чара колдоноруна ишене туралы. А участковыйдын укугу тебеленген боюнча кала береби? Жөн жерден ден соолугу жабыркап, моралдык-психологиялык басымда калып, кор болгону өкүнүчтүү...
Эске салсак, 2011-жылы Чүй ОИИБнин опери Чыңгыз Курманалиев “Файер энд Айс” түнкү клубуна барып, мас абалында табелдик тапанчасын жоготуп алганы ЖМКларга чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, чоң жаңжал тутанганы эсибизде. Кийин ал ишти чампалап жаптырып салганы айтылган эле. Ошондон бери Чыңгыз Курманалиев улам бир кызматка көтөрүлүп, Кемин РИИБ начальнигинен Ак-Талаа РИИБни жетектеп отуруп, берегидей кылмышка кириптер болууда. Ар дайым эле жазасыз кала берсе, анан кутурат да...
"Азия Ньюс" гезити











