Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аззамбек Жээнбай уулу: “Инвесторлор келиши үчүн саясый туруктуулук маанилүү”

Аззамбек Жээнбай уулу: “Инвесторлор келиши үчүн саясый туруктуулук маанилүү”

02-сентябрь, 20:30
268 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.

-- Кыргыз ишкерлеринин чет өлкөлүктөр менен байланышы, бул тармактын келечеги тууралуу кандай ойдосуз?  

-- Өлкөбүзгө чет өлкөлүк инвесторлор келиши үчүн бизден ыңгайлуу шарттар керек. Бул үчүн мыйзамдык база жетиштүү. Бирок ошону ишке ашырууда маселе болуп жатат. Бул убактарга чейин айрыкча биздеги саясый туруксуздук инвесторлордун келишине чоң жолтоо болуп келген. Ошол себептүү сырттан акчанын агылышы үчүн саясый туруктуулук маанилүү. Анткени бизнес тынчтыкты тандайт, өзгөчө чет элдик ишкерлер коопсуздукка өзгөчө маани беришет. Ошондуктан ишкерлерге, инвесторлорго жагымдуу климат түзүүгө мамлекет да түрдүү аракеттерди көрүүдө. 

Учурда чет өлкөдөн чоң инвесторлор келгени өтө сейрек. Жогорудагы маселелерден сырткары, биздин рынок инвесторлор үчүн өтө чакан. Тоо-кен, энергетика тармактарынан башка тармактар анча маанилүү эмес. Ошон үчүн биз ички инвесторлордун потенциалын туура колдонушубуз шарт. Качан ишкерлер Кыргызстанда иштегенге кызыкса, оюн эрежелери ачык жана түшүнүктүү болсо, ошондо гана башка тармактарга инвестиция кыла башташат. Акыркы учурларда бизде IT жана кызмат көрсөтүү, креативдүү бизнестерден кызыктуу стартаптар чыгып жатат. Мына ушуларга ички инвесторлорду колдонсок туура болот. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер