“Бийликтин алдыга жылуу үчүн түз багыты, так планы жок”
-- Бийликке сын-пикир айткан оппозиция жокко эсе. Мындай шартта өнүгүүгө эмне тоскоол болуп атат дейсиз?
Эрлан Бекчоро, жарандык активист:
-- «Сын айтылган жерде өнүгүү токтойт» деп атоо туура эмес. Бүгүн Кыргыз Республикасында оппозиция өкүлдөрү шалдырашып, көшүлгөн уйкуда жатышат. Интернетте жазылган пикирлер деле түз эмес, жымсалдаш үчүн жазылган бир нерселер болуп калды. Дегеним, жарандык активизм тынчыды. Көбү камалып тынчыса, калганы “мен дагы камалып кетпейин” деп чочуп калышты. Дээрлик бийликти демите сындаган деле эч ким жок. Шакаба, кер какшыктар аркылуу эле айтылып калды. Айтор, азыр бийликке тоскоол болчу оппозиция деле жок...
Рита Карасартова, укук коргоочу:
-- Өнүгүү кай жерде болот? Өнүгүү – талаштан тактык жаралган жерде өсөт. Бүгүн кандайдыр бир пикир айтканды “Сен бийликти басып алгың келип атат!” деп камап атканына байланыштуу көп кишилер “эй койчу, бири өлүп бири калсын...” деген позицияга кирип алды. Бул аябай жаман көрүнүш. Себеби, убакыт өтөт, өлкөнүн өнүгүүсү артта калат, көптөгөн идиректүү жаштар чет мамлекетке кетүүгө мажбур болот. Анткени, алардын ой-пикири эч кимди кызыктырбайт, алдыга көтөрмөлөгөн эч ким жок. Бүгүнкү күндө бийликтин алдыга жыла албаган себеби – алардын алдыга жылуу үчүн түз багыты, так планы жок. Жеке секторго мамлекеттин кийлигишүүсү минимумга жеткен өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү өнүгүү жолунда экени талашсыз. А биздики жабык, тоталитардык режимдердей болуп, баарын мамлекет тескесин дегенге баратат. Албетте, курулуштар жүрүп, жолдор салынып, ипотека үйлөрү курулуп атат. Анткен менен баалар өсүп, жакырчылыкка кадам таштап баратабыз. Ошондуктан мунун баарын сын пикирде караган адамдар омоктуу ойлорун бийликке айтып туруу кажет. Дагы бир жолу айтам, “плюрализм мнение” болмоюнча алдыга өсүү болбойт...