Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев: “Жакынкы аралыкта дээрлик жеңил жашоо болбойт”

Эмил Үмөталиев: “Жакынкы аралыкта дээрлик жеңил жашоо болбойт”

23-июнь, 11:04
420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азык-түлүк кымбаттоонун эле үстүндө. Күздөгү кымбатчылыктан коркуп, дүрбөлөңгө түшкөндөр да арбыды. Учурда оор эле шарттабыз. Мындан аркы экономикалык абалыбыз кандай болот? Күн санап өскөн кымбатчылыктын тизгини тартылабы

-- Так божомол берүү оор. Бирок жалпысынан абал оор бойдон турат. Мындан ары деле бир топ кыйынчылыктар күтүп турат. Негизги маселелерден эки нерсени баса белгилеп коёлу. Биринчиси, бажы биримдигине киргенден бери биздин ишкерликке болгон эрежелер начарлап, бизнес шарты Россиянын мыйзамдарына, эрежелерине окшоштурулуп, ошондон бери чакан жана орто ишканалардын саны азайып кетти. Россиянын өзүнүн экономикасы ылдый түшүп, артка кетип жаткан мезгилде, биз аларга жакын кыпчылып алып ээрчидик. Азырынча өнүгүүгө үмүт бергидей чечим кабыл алына элек. Эң негизгиси, менчикке болгон сый-урмат жана коопсуздук орнотулбагандан кийин биз ишкерлердин эркиндигин, мүмкүнчүлүктөрүн жана шарттарын, акча каражаттарын да эсептешибиз керек. Салык системасын өзгөртүп, кысып жаткан мезгилде менчик корголбойт. Мындай шартта сөзсүз түрдө чыккан капитал көбөйүп, кирген киреше азайып, сырттан түзүк инвесторлор келбей, ичтен болсо баары тең токтоп калгандай. Ошондуктан жакынкы аралыкта дээрлик жеңил жашоо болбойт. 

Жалпысынан, калың катмарга оор эле болот. Ошонун натыйжасында башка адамдардын да кирешеси азайып, сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү тайыздайт. Көптөн бери уланып келе жаткан абал дагы деле өзгөрбөстөн курчуй берет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер