Артур Медетбеков: “Өзгөчө абалды киргизүүдө көп катачылыктар кеткен”

УКМКнын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков учурдагы абал боюнча ой бөлүшүп, ынанымдуу кеңештерин ортого салды. Тийешелүү бийлик бутактары жыйынтык чыгарышы зарыл.
--Артур мырза, өлкөгө өзгөчө абал киргизилди. ИИМдин курамы кандай кошумча иштерди аткарышы керек?
--Бүгүнкү күндөгү өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу укук коргоо органдары, ИИМ, өзгөчө кызматтын кызматкерлери өздөрүнүн иштерин алып барууда мыйзам чегинде так, анык, чечкиндүүлүк, тайманбай жана таза иштерди жүргүзө ала турган болсо, биздин мамлекеттеги болуп аткан эпидемиологиялык вирустун жоголушуна, алардын тез арада токтолушуна чоң өбөлгө түзөт эле. Баарыбыз билип атабыз, укук коргоо органдарына жана ошондой эле өзүбүзгө баардык жактан жаран катары, инсан катары жардам берүүгө мыйзамды угуп, болуп аткан акыбалдын тиешелүү шарттарына, айтылып аткан маалыматтарына тереңден маани берип, аны кынтыксыз аткарышыбыз керек. Укук коргоо органдары жеке эле физикалык жактан жумуштарын аткарбастан, ар кандай окуяларга да катуу көңүл буруусу абзел. Түрдүү түшүнбөстүк, паникалык же болбосо ошондой эле дүрбөлөңгө салуучу маалыматтарды тыкыр карап, маалымат берген адамдарды алдын-ала тактап, жоопкерчилигин аныктоодо чечкиндүү иштерди жасоо кажет. Дагы бир нерсе, учурдан пайдаланып, ар кандай спекуляция кылып, күнүмдүк керектелүүчү товарларга атайын бааны көтөрүп, анын ичинде азык-түлүктөргө басым кылган шылуундарды көзөмөлдөп, криминалдык туура эмес жолдорго барып аткан топторго чечкиндүүлүктү көрсөтүп, мыйзам чегиндеги жумуштардын жасалышы зарыл.
--Өзгөчө абалдын киргизилишине биздин мамлекет толугунан даяр эмес өңдөнөт... Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
--Негизинен өзгөчө абалды киргизгенде оперативдик штаб, ошондой эле коменданттык саатты жүргүзгөн башчылар жарандар менен иштөөдө туура механизмдерди алдын-ала иштеп чыгышы керек эле. Тилекке каршы, ошол механизмдер толугу менен ачык-айкын айтылбай калган жана көп катачылыктар бар экени көрүнүп турат. Экинчиден, маска кийбей жүргөн адамдарга жөнөкөй эле эскертүү эмес, “ар бир жаран маска кийип жүрүү керек жана милдеттүү” деген коменданттын приказы болуш зарыл. Үчүнчүдөн, шаар ичиндеги транспорттордун катташы, жарандардын чогулуп жүргөнүнө өзгөчө механизмдерди да алдын-ала карап коюшса болмок. Бу жагынан да мүчүлүштүктөр бар экени байкалууда. Коомчулукта ушуга окшогон каталычылыктар, түшүнбөстүктөр жакынкы арада жолго коюлуп калса жаман болбос эле.
--Коменданттык саат учурунда терс жагдайларды байкай алдыңызбы?
--Бу жерде да түшүнбөстүк позиция – коменданттык саат учурунда маршруттук баракчалар менен “тиякка да, биякка да барса болот” деген эркиндик жагы. Анын убактысын шаардын же аймактын жашоо шартына байланыштуу туура механизмдерди таап иштеп чыкса, бул дагы чоң өбөлгө болмок. Кошумчалай кетсек, ансыз да кечки саат сегизден кийин эч ким көчөгө чыкпайт. Ошон үчүн коменданттык сааттын убактысына өзгөртүү киргизүү керек. Күндүзү саат жетиден баштап ар кандай жумуштар, шылтоолор менен жүрө бергендери эпидемиологиялык стабилдүүлүктүн түзүлүзүшүнө тескери таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Ошондуктан күндүзгү бөлүгүнө да чектөө киргизүү же кыскартуу кылса болот эле. Биздин шаардын тургундары коменданттык сааттын киргизилишин туура түшүнүп, болуп аткан акыбалга жараша мамлекет талап кылган шарттарды туура аткарып, болгону темирдей тартипти, тазалыкты, мыйзамдуулукту сактасак, биздин өлкөгө оң таасирин тийгизет болчу.
Сурат Жылкычиев
Aryba.kg