Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку Кеңештин иши бүттүбү?

Жогорку Кеңештин иши бүттүбү?

29-октябрь, 12:22
133 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

28-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын Конституцияда белгиленген мөөнөтү аяктады. Буга байланыштуу юристтер “бул мөөнөт бүткөндөн кийин алардын укугу токтойт жана иши легитимсиз болуп калат” деген пикирлерин айтышууда. Ошол эле учурда “жаңы парламент шайланып келгичекти анын эски курамы иштей берет, буга Конституция жол берет дегендер дагы бар. 

Эске салсак, VI чакырылыштагы эл өкүлдөрү 2015-жылдын 28-октябрында ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен. Мыйзам боюнча Кыргызстанда парламент депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бир катар партиялар шайлоону мыйзам чегинде жана боршайком белгилеген убакытта (20-декарда) өткөрүүнү, жаңы чакырылыштагы парламент калыптана элек өткөөл учурда азыркы Конституцияны өзгөртүү далалатынан баш тартууну талап кылып жатышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер