Акыркы кабарлар
» Саясат » Камчы Көлбаевге сый-урмат жасалып, Мелис Турганбаев четте калды
Камчы Көлбаевге сый-урмат жасалып, Мелис Турганбаев четте калды
04-ноябрь, 09:00


Ушундай. Спорт мектебин бүтүргөндөр 30-октябрда чогулушуп, мелдеш, иш-чара уюштурушту. Кечкисин “Кайнар” ресторанында сый тамак үстүндө баарлашып отурушту. Таанымалдардан Темир Сариев, Мелис Турганбаев, Дүйшөн Ирсалиев, Шаршен Касенов ж.б. ардагерлер. Ал эми коноктордун эң сыйлуусу Камчы Көлбаев болду. Уюштуруучулар ага суусар тебетей, мактоо баракчасын ыйгарышты. Өзгөчө мамиле жасалганын видео-сүрөттөрдөн да көрө алдык. Ошентип, чогулгандардын баарысы Камчы Көлбаевге сый-урмат жасашканы, чыныгы авторитет катары баркташканы жөн жерден эмес го? Ал эми Мелис Турганбаевге анчейин деле көңүл бурулган жок...
"Азия Ньюс" гезити











