Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сапар Исаковдун ишин кандайча чечмелейбиз?

Сапар Исаковдун ишин кандайча чечмелейбиз?

27-май, 22:34
650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку сот экс-премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Адвокаты жаңы жагдайлардын негизинде арызданып, жол тааптыр. Эми Свердлов райондук сотунан кайрадан процесс уланып, акталууга жол чабылабы? Ошондо ТЭЦти модернизациялоодо коррупция катталган эмеспи? Чийеленген көп соболдор жаралчудай. Эгерде Сапар Исаков акталып кетсе, Сооронбай Жээнбеков баш, андагы бийлиги төш болуп, саясый куугунтук кылышканы аныкталабы? Тийешелүү чиновниктердин баары жооп беришеби? Кызык эле. Балким, Сапар Исаковго “жашыл жарыктын” күйүшүнө Курманбек Бакиевди алып келүү себепчи эмеспи? Башта айтылгандай, балансты сактоо менен саясый кызыкчылыктар ишке ашабы? Айтор, коомчулукка анчейин түшүнүксүз жүрүштөр уланууда. Түркүн божомолдор “түтөп” калгандай... 

Эске салсак, Сапар Исаков Москвада орустардын коргоосунда жүргөнү айтылып келет. Саясый келечегине кам көрүүгө Кремль кызыкдарбы? Же Кытайдын таасириби? Бул боюнча ар кандай түкшүмөлдөрдүн түйүнү чечилбей турат.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер