Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшылыктын жарчысы Райымбек Матраимов эр ортону 50 жашка чыкты

Жакшылыктын жарчысы Райымбек Матраимов эр ортону 50 жашка чыкты

03-май, 17:41
1 647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый күчтөрдүн каралоо кампаниясына кабылса да, дайыма туура багытка, кайрымдуулук иштерине умтулган Райымбек Матраимов бүгүн 50 жашка чыкты. Эр ортону курагы менен куттуктайбыз! Ар дайым эл кызматында болуп, жакшылык жарата берсин. 

Негизи Райымбек Матраимов 10 жылдан ашык убакыттан бери жүз миңдеген мекендештерибизге калканч катары жардамын аябай, көйгөйлөрдү чечип, кылганын жар салбай эле алдыга жылып келатат. Соңку убактарда каарманыбыздан сабак алгандар арбыды... 

Эске салсак, былтыр пандемия айларында “Исмаил Матраимов” атындагы фонд гуманитардык жардамдарды, медициналык аппараттарды, дары-дармектерди көпчүлүккө таратып, атайын ооруканаларды да ачып, элибиздин ден соолук коопсуздугуна салым кошкон. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин мамлекетке жардам катары 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүп берди. Аз күн мурун Баткенде согуш чыгып, кыйын кырдаал жаралганда эң биринчилерден Райымбек Матраимов гуманитардык жардамдарды жөнөттү. Өзү элге үлгү жаратып, муктаждарга кан тапшырды. Дал ушундай көрүнүштөрдөн кийин коомчулукта мекенчилдик сезимдер ойгонууда.

Ток этери, Райымбек мырза жакшылыктын жарчысы, элибиздин сүйүктүү уулу катары кызмат кыла беришине тилектешпиз! Түбөлүгү түз болсун! Ал эми карасанатай аракеттер көпкө узабайт, каралагандарды, жамандык жасоого ниеттенгендерди убакыт өзү таразалап, артка таштайт. Эң оболу, амандык, бекемдик баарын жеңет...

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер