Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмирбекти узатууга президент эмнеге келбегенин Султан Раев айтты

Элмирбекти узатууга президент эмнеге келбегенин Султан Раев айтты

22-апрель, 12:17
2 749 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн төкмө акын, көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, эскерүүлөрдө көпчүлүк көзүнө жаш алышып, акынды узатышты.

Айдарбек Иманалиев, агасы:

--Элмирбек иним акыры баары кетүүчү өлүмгө моюн сунуп кетип жатат. Элмирбегим бул жашоодо аз жашаса да, саз жашады. Элдин арасында, жоро жолдоштордун арасында дайыма элесиң эсте болот. Кош иним, жаткан жериң жайлуу болсун!

Султан Раев, президенттин кеңешчиси:

--Президент өзү келейин деди эле, бирок азыркы кырдаал ушундай болуп калды. Бүгүн элибиз, чыгармачыл чөйрөбүз бир канатынан ажырады. Буга чейинки кыргыздан өткөн залкарларды бүгүн кайра бир жолу жоготкондой болуп турабыз. Бүгүн биз кыргыздын ак сөөктөрүнүн бирин узатып жатабыз. Бүгүн биз Кетбуканы, бүгүн биз Алыкулду, бүгүн биз Тыныбекти, бүгүн биз Саякбайды, Сагымбайды, бүгүн биз Жеңижокту, Барпыны, Токтогулду, Эстебести акыркы сапарга узатып жатабыз. Анткени Элмирбек ошол таланттардын баарын өзүнө камтып жүрчү...


Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын:

--Алыска бизден бекиндиң досум, арманга салып эзилдиң досум. Айтышарга жанымда сен жок, азыр мен билсең жетиммин досум…


Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты:

--Кыргыз элинин намысына жаралган Элмирбек Иманалиев 70ке чыкса болбойт беле? Эл менен анын тоюнда башына суусар тебетей кийгизип мактап, даңктап турсак жарашмак. Жок дегенде 50 жашка чыкса эмне? Дүркүрөтүп той өткөрбөйт белек? Билген кишиге улуу көчтү улаган залкар кишиден айрылып, Кыргыздын кабыргасы кайышып отурат. Аз жашаса да саз жашаган уулубуз өзү окшогон Эшмамбет, Токтогул, Тууганбай сыяктуу аталарыбызга кетти…

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер