Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айым Камчыбекова: “УКМК Калмаматовдун паспорту жасалма болушу мүмкүн деп жатат”

Айым Камчыбекова: “УКМК Калмаматовдун паспорту жасалма болушу мүмкүн деп жатат”

22-декабрь, 11:52
835 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясатчы Бактыбек Калмаматов сегиз сааттан бери Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берип жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Айым Камчыбекова билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат Калмаматовдун жалпы жарандык паспорту жасалма болушу мүмкүн деп текшерип жатат.

"Бактыбек Калмаматов учуу алдында сот департаментинен, чек ара кызматынан “өлкөдөн чыгууга чектөө жокпу?” деп текшергенбиз. “Эч кандай тоскоолдук жок” деген. Аэропорттон каттоодон өтүп, чек ара кызматына жеткенде чек арачылар рейстен алып калышты. “Эмне себептен кармап жатасыңар?” десек, “атайын кызматтын “Калмаматовду кармап, өткөрүп бергиле” деген оперативдик буйругу бар” дешти. Бир сааттан кийин УКМКнын кызматкерлери келип, чакыруу кагазын беришти. “Эмне маселе?” десек, “паспортуңар жасалма” дейт. Бул паспорт менен Украинага, Түркияга, Өзбекстанга барып келген”.

Калмаматовдун адвокаты сурак сегиз сааттан ашык убакыттан бери жүрүп жатканын, бул мыйзам бузуу экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер