Акыркы кабарлар
» Саясат » Садыр Жапаров: “Мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы камагыла!”
Садыр Жапаров: “Мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы камагыла!”
13-январь, 16:41

“Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” деп ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери!
Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!” деп президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.