Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

11-ноябрь, 17:19
858 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

Чу дарыясы жөнүндөгү уламыш

Чүй өрөөнү – орто кылымдын улуу акындары Ли Бо менен Жусуп Баласагунинин, кыргыздын саясый ишмерлери Шабдан баатыр менен Байтик баатырдын кичи мекени. Совет доорунун көптөгөн окумуштуулары, саясатчылары дагы ушул жерде төрөлгөн. Өрөөн өзүнүн аталышын өлкөдөгү эң чоң жана терең дарыялардын бири болгон Чу дарыясынын атынан алган.

Бул дарыя жөнүндө уламыш бар: Ысык-Көл пайда боло элек кезде, тоо дарыялары жалгыз-жалгыздан, каалагандай агып турчу. Алар биригишип, күзгү сымал чоң көлгө айланууну чечишкен. Бийик тоо кыркаларынын ортосундагы жаркыраган ири көл ушинтип пайда болгон. Бул баардык дарыяларды канааттандырган...

Бирок катаал, өжөр, эң терең жана эң узун Чүй дарыясы – кеңешке кечигип келет, келе жатып бассейнде чачырап жаткан көгүлтүр суктандырган көлдүн көз карашын көрөт.

Чүй сулуусу өзүнө эң жакшы жерди берүүнү талап кылат, бирок калган дарыялар каршы чыгышып, баардыгы бирдей шарттагы өзүнүн орундарын ээлеши керектигин, алардын арасында эң жакшысы болбосун айтышат. Текеберленип, өжөрлөнгөн Чүй сулуусу таарынып, суусун тескери тарапка, көлдөн алыскы белгисиз капчыгайга буруп жиберет. Капчыгай бүткөндө, өрөөндү бойлоп Моюн-Кум чөлүнүн кургак, күйүп жаткан кумдарын көздөй багыт алат. Ал жактан бозоруп, сулуулугун жана суусун жоготот. 

Чынында эле Чүй өрөөнү археологиялык корук сымал. Байыркы убакта Чу дарыясынын бассейнинде өнүккөн цивилизация болгон, ал Борбор Азия, Индия жана Кытайдын ортосунда маданият жана билим алмашуу ролун аткарып турган. Бул жерде бир кездеги Улуу Жибек Жолунда турган эң бай шаарлардын калдыктары бар, кызыгы, түрк, согду-иран жана кытай маданияттары, теңирчилик, зороастризм, буддизм, ислам, алтургай несториандык христианчылык да аралашкан.


Орто кылымдагы Суяб шаары

Токмок шаарына жакын жерде бири-биринен бир нече километр алыстыкта бир нече байыркы шаарчалардын урандылары бар.

Суяб же Ордукент – Улуу Жибек Жолунда жайгашкан Чүй өрөөнүндөгү алгачкы орто кылымдарда пайда болгон калаа. Анын калдыктары Токмоктон 6 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан азыркы Ак-Бешим айылынын жанындагы урандылар менен биригип калган. Шаар V-VI кылымдарда Жибек Жолунун боюндагы согдулук көпөстөрдүн алгачкы чыгыш конуштарынын бири катары пайда болгону баяндалат. Суяб – V-VI кылымдардагы Чу дарыясынын иран тилиндеги аталышы.

Батыш Түрк каганатынын бөлүнүшү менен Суяб анын борборуна айланган. Жайкысын каган Талас өрөөнүндөгү Невакеттеги штабына эс алууга барып турат. Түрктөр мамлекеттин коопсуздугун, ал эми согдийлер анын экономикалык бакубаттуулугун камсыз кылышкан. 719-жылдан кийин Суяб кытайлар тарабынан түргөш союздаштарынын карамагына өткөн. Кылымдын орто чениндеги кытай-тибет согуштарында бул жерде кайрадан Тан гарнизону орнотулат. 766-жылдан кийин Суяб карлуктарга өткөн.

VIII кылымдын орто ченинде Суяб аркылуу өткөн кытай саякатчысы Ду Хуан аны урандылар абалында тапкан, бирок ошол учурда буддисттердин монастыры дагы эле иштеп турган болот. 787-жылы кытайлар чыгышка чегингенден кийин шаар тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматтар аз эле калган. Ал «Худуд ал-алам» трактатында 20 миң калкы бар шаар катары аталганы маалым.


Ли Бо “Поэзиянын өлбөсү”

Сун доорундагы кытай булактары боюнча, Кытайдын улуу акыны Ли Бо дал ушул Суябдагы гарнизондук офицердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Ли Бо – Тан династиясынын учурундагы кытай акыны. Ал "поэзиянын өлбөс-өчпөсү" («бессмертный в поэзии») деген ат менен белгилүү, кытай адабиятынын тарыхындагы эң кадыр-барктуу акындардын катарына кирет жана дүйнөдөгү улуу ойчулдардын бири катары эсептелет. Анын артында 1100дөй чыгарма (анын ичинде 900дөй ыр түрүндө жазылган) калды.

XI кылымдагы Баласагындын курулушуна байланыштуу Суяб таптакыр каралбай калган. 


Баласагын – Чыгыш түрктөрдүн байыркы шаары 

Шаар Караханиддердин (955-1130) тушунда гүлдөп-өнүккөн. Ал кездеги замандаштар шаарды мечит, медреселери көп, өнүккөн жана бай борбор катары сыпатташкан. Кара кытайлар келгенге чейин Куз Орду деп аталган калаа, Караханиддер мамлекетинин борбору, кийин негизги шаарларынын бирине айланган.

Бүгүнкү күндө легендарлуу Баласагын шаарынан болгону Бурана мунарасы, бир нече балбал (таш мамы), несториан жана мусулман күмбөздөрүнүн урандылары эле калды. Бул жерлерде дагы эле жетиштүү изилдене элек көптөгөн тарыхый фактылар бар деп ойлойм. 

Бурана шаарчасындагы мунара Борбор Азиядагы ушул түрдөгү курулуштардын эң байыркыларынын бири. Анын курулушу X-XI кылымдарга туура келет. Мунаранын баштапкы бийиктиги 40 метрден кем эмес эле, бирок, ал жер титирөөдөн ылдый түшүп кеткен. Бүгүнкү күндөгү бийиктиги 21,7 метрди түзөт. Бурана мунарасы археологиялык, архитектуралык музейдин бир бөлүгү болуп саналат жана мамлекет тарабынан корголот. Ошондой эле ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген. 


Бурана мунарасынын легендасы

Илгери-илгери бул жерлерде айбаттуу бир хан жашап, анын сулуу кызы жөнүндө уламыш бар. Хан кызын абдан жакшы көрчү, анын бактылуу өмүр сүрүшүн көргүсү келген. Күндөрдүн биринде хан дээрлик акылмандарды өзүнө чакырып, алардан кызынын келечеги тууралуу айтып берүүлөрүн талап кылат. Алардын баардыгы «Бүт ааламда хандын кызынан өткөн бактылуу адам болбойт» деп айтышкан.

Бирок, ошол акылмандардын эң улуусу, кыраакысы ханга кайрылып: «Ой, улуу ханым, эгер кааласаң мени азыр өлүм жазасына тартууга буйрук берсең да, адегенде чүрпөңдүн кейиштүү тагдыры жөнүндөгү ачуу чындыкты ук. Жаңы эле бой жеткенде кызыңды каракурт тиштеп алып, каза болот» дейт. Хан аны коркунучтуу көздөрү менен ачуулана карап: «Сенин олуялыгыңа наалат!» деп кыйкырып жиберет. Дароо кызматчыларына айтат. “Үстү асманга тийе тургандай бийик мунара куруп, анын алдына терең жертөлө казып, акылманды ошол жакка отургузуп салгыла” деп буйрук берет.

Ошентип, хандын кызы мунаранын эң башындагы кичинекей, жарык бөлмөдө жашай баштайт. Убакыт өтүп, кыз он алтыга чыгат. Ал жаңы ачылган гүлдөй, таңкы шүүдүрүмдөй сулуу эле. «Акыр аягы олуянын айткандары ишке ашпайт экен» деп сүйүнгөн хан кызына барат. Ал өзү менен кошо янтарь түстөгү жаңы бышкан жүзүм салынган чоң илеген алып келип, кызынын бутунун жанына коёт. Хандын кызы жүзүмгө колун сунуп, эң чоң мөмөлүү сабагын алганда, ошол эле маалда катуу кыйкырып жиберет, көрсө, көзгө анчейин көрүнбөгөн каракурт чагып алыптыр.

Карыган хан сүйүктүү кызынын өлүмүнө чыдай албай, көп өтпөй өзү да каза тааптыр. Ал эми мунара болсо хандын кызынын мүрзөсү болуп калат.


(Уландысы кийинки санда) 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер