Адил Турдукулов: “Садыр Жапаров люстрация демилгесин ишке ашыра алабы?”
-- Адил мырза, бизде саткынчылык барган сайын эле көркүнө чыга береби? Бүгүнкү күндө да ушундай ыплас көрүнүшкө күбө болуп атабыз. Суроомдун төркүнүн түшүндүңүз го?
-- Сооронбай Жээнбеков гана эмес, мурунку президенттер да тактан түшкөндө дүңүнөн сатып кеткен адамдар болушкан. Мындай адат кыргыздын салтына айланып калгандай сезилет. Маселен, “Биримдик” партиясына кирген олигархтар, мамлекеттик чиновниктер азыркы бийликке ымалашып, Сооронбай Жээнбековду сатып, жаңы бийликтин ишенимине кирүүгө аракет кылып жатышат. Садыр Жапаров өзү люстрация деп жүргөн, бирок Бактыбек Сыдыков, Нариман Түлеевге окшогон адамдар бийликке келүүгө, эски чиновниктер орчундуу кызматтарды ээлөөгө аракет кылып жатышат. Аларды жолотобу же алыстатабы, көрө жатабыз.
"Азия Ньюс" гезити