Күйөөм самса, гамбургер же шаурма жеп, тоюп келет, биз кантебиз?
Мени бери кой, балдары менен такыр иши жок. Курсактары токпу, кийим-кечелери бүтүнбү, ден соолугу чыңбы? Эч ойлобойт. Өзү сырттан самса, пирожки, гамбургер же шаурма жеп тоюп келет. «Бизге деле ала келбейсиңби?» десем, таң калып карайт. «Эмнеге?» дегенде өчөсүң да.
Мен «швеяда» топчу кадап иштейм. Күйөөм таксист. Үч балабыз бар. Улуусу экинчи класс. Шаарда бир бөлмөлүү батирде турабыз. Тапканыбыз, ой, «тапканыбыз» деп коем, тыйын-тыпырыбыз батир акысы менен тамактан артпайт. Күйөөм кааласа жумушка барат, каалабаса жок. Жыргап үйдө уктап жата берет. Кардар чыгып калса, анан дагы курсагынан артып калса «светтин» акчасын берип коет. Болбосо, анын эч кандай пайдасы деле жок. Карантин башталгандан бери үйдө отуруп калдым. Бала бакчалар, мектептер жабык, балдарды калтырганга киши жок. Кудайдын куттуу күнү күйөөм экөөбүз урушабыз.
Бир күнү кичүүмдү жетелеп көчөгө чыгып кеттим. Бир сейилдеп келбесем, башым жарылып кетчүдөй. Ишенесиңерби, мындай жашоодон тажадым. Көчөбүздө мен суктанган бир байке бар. Жаман ойлобогула, ага ата катары суктанам. Аялы дагы сонун эже. Кээде «балдарыңа ичирип кой» деп шорпо көтөрүп келип калат. Байкени качан көрбөйүн балдарын ээрчитип алып дүкөнгө алып бараткан же үйүнө продукту көтөрүп келаткан болот. Өздөрү деле биз сыяктуу батирде турушат. Бул ирет малдын иче-карынын көтөрүп келатыптыр.
-- Кандайсыз байке? Кайдан келатасыз?
-- Ээ кошуна, мына минтип (колундагы иче-карынды көрсөтүп) балдарды багалы деп тырбалаңдап жүрөбүз. Эмне балаң менен сейилдөөгө чыктыңбы?
-- Ооба.
Ошол маалда балам «жок, атам экөө дагы урушту, апам анан чыгып кетти» десе болобу? Уялганымды айтпагыла. Байке баламдын башынан сылап, пакетин мага карматып койду.
-- Жок, байке албайм.
-- Мен сага эмес, бул балдарга берип жатам. Барып кайнатып шорпо жасап бер...
“Балдарымдын атасы ушул кошуна байкедей болсо кана?” дедим ичимен...
Бир жума мурун балдарды алып, айылга ата-энемдин жанына баса бергем. Кечээ таежем келип, дүкөнүнө сатуучу керек экенин айтты. Ошол жерге жумушка киргени жатам. Балдарыма дагы айылдын жашоосу жакты. Байкуштарым, уруштан башканы көрбөй жалтак болуп калышыптыр...
Жамалкан