Абдывахап Нурбаев: «Салыктар көтөрүлсө, инвестициялык абал начарлайт»
-- Акылбек Жапаров сунуштап жаткан бюджетти 400 миллиардга жеткирүү реалдуубу?
-- Быйылкы бюджеттин долбоору профилдик комитеттердин кароосуна 203 миллиард сом катары келген, бирок азыр аны «400 миллиардга жеткирем» деп убада берүүдө. «Бажыны толук ачык кылып, салыкты фискалдаштыруу, автоматташтыруу аркылуу каражат топтойм» деди. Чындап эле коррупцияны жок кылып, көмүскө экономиканын сыртка чыгышына шарттар түзүлсө, бул ишке ашышы ыктымал. Ошону менен катар «ишкерлердин, ички жана сырткы инвесторлордун бизнесин эркин, тоскоолдуксуз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен жетишем» деди. Негизги нерсе – салыкты көтөрбөш керек. Эгер салыктар көтөрүлсө, биздеги инвестициялык абал мындан дагы жаман болуп кетиши ыктымал. Бир четинен Акылбек Жапаров Кумтөр ишин баштагандан кийин аны акырына чыгарышы зарыл. Кимдир бирөөгө жагабы-жакпайбы, ал башка маселе. Бирок, ал кетип калса кандай болот? Белгисиз. Жапаров өзүнө жоопкерчиликти алды, эми акырына чейин жооп бериши керек. Жыйынтыгын кийин көрөбүз.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити