Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мэр Суракматовдун шайы ооп, иштей албай калды”

“Мэр Суракматовдун шайы ооп, иштей албай калды”

12-июнь, 19:21
878 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов мырзанын ишмердүүлүгүн сынга койдук. Белгилүү адамдар жүйөлүү ой-пикирлерин айтышты. Бирге тыңдайлы.

Эркин Булекбаев, “Жашылдар” партиясынын лидери:

-- Шаар мэри Азиз Суракматовдун акыркы мезгилде эмне иш менен алек болуп атканынан такыр дайын жок. СССР тушундагы “15 союздук республиканын ичиндеги Фрунзе – жашыл шаар” деген статустун карааны көрүнбөй калды. Мен бир эле мисалга токтолоюн, Тунгуч кичирайонунда эки кабаттуу бала бакча ачылмак, ага президент Сооронбай Жээнбеков келмек болду. Шаар мэри тегерек четин тазалап, эзели оңолбогон жолдорун оңдоп, жакын жайгашкан гараждардын беттерин сырдап, “эртең келет” деген күнү Бишкек мэриясына караштуу жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери тимеле сонун гүлдөрдү отургузуп, көрктөндүрүп коюшту. Мындай кооздук шаардын бир эле президент келе турган жеринде эмес, ар бир жеринде болуш керек эле. 


Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-- Азиз Суракматовдун шаар башчылыгына келгенине үч жылга жакындады. Ишмердүүлүгүнө баа бере турган мезгил да келип калды. Бир катар жакшы иштерди кылуу менен бирге анын кемчиликтери да жок эмес болуп атат. Парктык аймактарда безпределдер жүрүп, уланып жатат. Мына ошону токтотуш керек. Андагы ыгы жок коюлган фонарлар түнү менен күйүп, өзүнө кабык жегич көпөлөк-курттарды чогултуп эле тим болбой, жанындагы жашылдандыруу бактарына эбегейсиз зыян келтирүүдө. Өзүнүн карамагындагы зеленстройду көзөмөлгө албай жатат. Эмнеге дегенде, алар “бөрк ал десе баш алат” дегендей, куурап же чирип калган жана адамдын өмүрүнө зыян келтире турган бактарды кыйбай, өздөрүнө керектүү гана бактарды кыйып жок кылууда. Бир кездерде Медет Керимкулов шаар башчы болуп турганда ордо калаанын булуң-бурчун жөө кыдырып, кайсы көчөдө кандай кемчиликтер бар экенин өз көзү менен көрүп, ошого жараша чара көрчү. Бул жигиттен ушундай сапатты байкабай турам. 

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:

-- Азиз Суракматов мэр болуп иштегенден бери шаар тургундары анын дарегине өзгөчө жаккан “шаарды таза кармап атат” деген пикирлерин угуп, көрө элекмин. Мэрге караганда анын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев көбүрөөк кызмат кылып атат окшойт. Ал эми Суракматов болсо анда-санда галстук тагынып алып, чогулушта орусча-кыргызча сүйлөп атканын көрүп калам. Кайсы жасаган иши үчүн айрымдар макташат? Билбейм... Жеке менин көз карашымда, ушу убакытка чейин өзүн көрсөтө алган жок, убакыт деле жетиштүү болду окшойт. Шаарда толгон-токой проблемалар бар. Өңгөнү айтпасак да мобу пандемия учурунда шаар тургундарыбыздан күн сайын вирус чыгып, анын саны азаймак турсун көбөйүп атканынан кабарыбыз бар. Шаар кожоюну катары өкмөт менен кеңешип-кесип, болбоду дегенде блокпостторду жоюу, базар-дүкөндөрдү ачуу маселесин көтөрүп, “канткенде вирус жуктуруп алуу жагдайын азайтабыз?” деп түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болот беле? Мен анын пандемия боюнча салмактуу оюн уга элекмин. Эми айта берсе көйгөйлөр көп. Иштей элек жатып шайы ооп калдыбы? Түшүнбөйм...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер