Сизди колума көтөрүп, аздектеп алсам мага жарашмак...
(Мергенчи Аида Акматовага!)
Аз күн мурун ийгиликке жеткениңизди интернеттен көрдүм. Салбуурун (салттуу жаа атуу) боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери (!) деген сыйлыкка татыпсыз. Куттуктайм! Мен көп убакыттан бери сиздин өнөрүңүзгө куштарланып, талантыңызга суктанып келатам. Эл ичинде сейрек кездешкен жан экенсиз. Кол, бут менен баары эле жааны таамай ата бербейт. Бул жагынан алдыга чыгып, көзгө көрүндүңүз. Жүзүңүз ажарлуу, бой-келбетиңиз келишимдүү экен. Ийилип, чоюлган денеңиз көркөм. Сөз жок... Өзүмчө кыялданам: колума көтөрүп, аздектеп алсам не? Мага жарашмак. Өмүр бою эч нерседен кор кылбай, караан болуп, үлгүлүү жолдош катары өтсөм кана? Акыркы кездери айлам кетип, таанышууга даабай жатам. Себеби, сүйүү керемет тура. Жактырсаң айбыгып, сүрдөп, толкунданып, мурда болбогон сезимдерге кабылып, миң толгоносуң. Түйшөлүп. Дүйнөм да өзгөрө баштады. Чечкиндүүлүк гана жетишпей тургансыйт. Ичимен өзүмө сөз бердим, жакында таанышуунун амалын жасайм, кадам таштап. Жашоодогу чоң өзгөрүүнү орундатсам, балким маңдайга жазганындай бакыт тартууланса керек. Аз калды. Жаркын маанайда жолугушалы...
Арнабек, мугалим
"Азия Ньюс" гезити