Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөн Камчыбеков: “Нефти менен газды өндүрүүдө кандай көйгөйлөр бар?”

Дүйшөн Камчыбеков: “Нефти менен газды өндүрүүдө кандай көйгөйлөр бар?”

23-январь, 09:00
330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков геологиялык жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү концепциясы аталган тармак үчүн багыт болорун белгиледи.

-- “Жер казынасын иштетүү жана экологиянын корголушун көзөмөлгө алуу функциясы бир министрликке берилип калганы туура эмес” деген пикириңизди билдирдиңиз. Ошону менен бирге жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2035-жылдарга геологиялык жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомдук талкууга койду. Бул багытта мындан ары кандай өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн? Концепцияда негизги маанилүү эмнелер айтылган?

-- Бүгүнкү күндө адистер, биз дагы концепциянын жаралышына кубанычта болбосок да, тоо-кен, геология тармагына байланыштуу бир документ пайда болду деп айтсак болот. Себеби, биз көп жылдардан бери “тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн бир стратегиялык документ, программа эмес концепциясы да жок” деп айтып келгенбиз. Убагында Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда маселени кабыргасынан коюп, комитетке тапшырма берилген. Убакыт өтүп, бирок концепция иштелип чыккан эмес. Учурда президентибиз Садыр Нургожоевич дагы өзүнүн бир жарлыгында “бир айдын ичинде тоо-кен тармагынын өнүктүрүү жолдорун көрсөтө турган концепция иштеп чыккыла” деген тапшырма берген. Документтин жаралышы бүгүнкү күндө талкууга алынып чыгып жатат. Бул 2023-жылдан 2035-жылга чейин геология, тоо-кен тармагы кандай өнүгүшү керек? Тоо-кен тармагынын ичинде алтын өндүрүү, жашыл экономикага тийиштүү кендерибиз бар. Буларды иштетүү учкай көрсөтүлгөн. Андан сырткары, көмүр өнөр жайы кандай өнүгүп жатат? Нефти менен газды өнүктүрүүдө кандай көйгөйлөр бар? Курулуш материалдары кандай болуп жатат? Мындан тышкары, лицензия берүүдөгү абал да көрсөтүлгөн. Лицензия бергенден кийин алган компаниялар менен жергиликтүү бийликтегилердин кандай маселелери бар? Жалпысынан, концепцияда аталган тармактагы абал, соңку көрсөткүчтөр, көйгөйлөр тизмектелип, бул тармакты өнүктүрүү үчүн багыт болуп берет. 

Ошол эле учурда тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясы концепцияга бир катар сунуштарды бердик. Алсак, эң алгач аталган тармакты башкаруу системасын туура тандоо зарылдыгы турат. Анткени жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жер казынасын иштетүү, экологиянын корголушун көзөмөлгө алуу функциясы жүктөлгөн. Бул – министрлик өзүнүн ишине өзү көзөмөл кылат дегендик. Мындай ыкма жакшы натыйжа бербейт. Ошондуктан министрлер кабинетинин жыйынында жалгыз ушул министрлик начар баага татыды. Муну “бүгүнкү күндө өзүнүн функциясын так аткара албай жатат” десек болот.

-- Башка кошуна өлкөлөрдө кандай каралган?

-- Мисалы, коңшу Өзбекстанда мамлекеттик геология жана жер казынасын казуу комитети болуп келсе, бүгүнкү күндө анын статусун көтөрүп жатышат. Алар 61 министрлик менен адмнистративдик ведомстволорду азайтып, 27ге түшүрүштү. Демек, бул туура коюлган мамлекеттик көз караш. Мамлекеттик геология жана жер казынасын казуу комитетин бөлүп, “министерство горного дело и геология” деп түзүштү. “Горное дело” деген тоо-кен тармагындагы өндүрүүчүлөрдү тескеген мекеме. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, минералдык ресурстар менен камсыз кылуу маселесин чечет. Ошол эле кошуна Казакстан да жарлыгын чыгарды. Ал жерде дагы бүгүнкү күндө экология менен жер казынасын изилдөөнү бөлдү. Алар дагы түшүндү, бир колуң менен “кен иштет” деп лицензия берип, экинчи колуң менен “экология маселесине кара, иштетпе” дегендей көз карашта болбош керек. Алар эми экология маселесин өнөр жай министрлиги дегенге кошту. Бул деле туура көз караш. 

Биз дагы ушул жолго барышыбыз керек. Ошол сунушту айтып жатабыз. Биринчи кезекте сөзсүз түрдө башкаруу структурасын чечип алганыбыз оң. Анан концепцияда жазылган маселелерди ишке ашыруу боюнча программалар иштелип чыгышы керек. Бул программаны ошол жаңы түзүлгөн мекеме иштеп чыгышы шарт. Анан 2035-жылдарга чейин 2-3-этап менен ошол маселелерди аткарыш керек. Мисалы, 2018-жылдарга чейин алтынга, башка түстүү металлдарга берилген лицензиялардын саны 1500дүн тегерегинде болуп келген болсо, бүгүнкү күндө 2022-жылдын жыйынтыгы менен 2,5%га азайыптыр. Буга эмне себеп? Себеби, бүгүнкү күндө мыйзамдуу кабыл алынган ченемдерибиз ошол лицензия алган компанияларга, мындайча айтканда, иштеткенге толук мүмкүнчүлүк бербегендиги. 

Концепция багытты билдирет. Ошол багытты аткарыш үчүн программалар жакшы иштелип чыгышы зарыл. Программаларда жооптуу органдар, мекемелер көрсөтүлүшү шарт. Программада аны аткарууга бөлүнө турган финансылык каржаттар да көрсөтүлүшү керек. Мисалы, союз тарагандан кийин деле геология тармагына жүздөгөн миллион сом каражаттар, тийешелүү шаймандар да өзүнчө бөлүнүп келген. Бүгүнкү күндө 2022-жылдын жыйынтыгы менен геология тармагына болгону 21 млн. сом каражат бөлүндү. 21 млн. сом “Түштүк геологиялык экспедициясы”, “Түндүк геологиялык экспедициясы” ж.б. болуп бөлүп келгенде бир экспедициянын иштешинин бир эле кварталдык акчасы. Ошондуктан биз союз учурунда изилденген кендердин үстүндө гана иштеп жатабыз. Акыркы 20 жылда бир дагы кендин түрү ачыла элек. 

Учурда тоо-кен тармагында иштеп жаткан мекемелер роялти деген салыктын түрүн төлөп келишет. Чалгындоо иштери ар кандай масштабда жүргүзүлөт. Кыргызстандын территориясы 1/500 деген 99,5%га изилденген. 200 масштаб менен дагы 99,5%га изилденген. Ал эми 50 деген масштаб менен болгону 80% изилденген. Бизде майда-чүйдөсүнө чейин изилдөөнү жүргүзгөнгө дагы территориялар бар. Ошол чалгындоо иштерин жүргүзгөнгө Кумтөрдөн бөлүнүп жаткан 4% каражаттанбы, же роялти салыгынан түшкөн каржаттанбы, айтор, каражат бөлүнүшү керек. Ошол каражаттын бөлүнүшү тууралуу программада так көрсөтүлсө, анда ошол концепция ишке ашат деген ойду айтсак болот. Андай болбосо, дагы деле кагаз жүзүндө кала берет деген ойдомун. 


(Уландысы кийинки санда)

Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер