Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Коом » 84 жашында акка моюн сунган Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарда узатылды
84 жашында акка моюн сунган Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарда узатылды
18-октябрь, 12:21

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында бүгүн, 18-октябрда Кыргыз Республикасынын эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен коштошуу зыйнаты өттү. Коштошуу зыйнатына белгилүү коомдук жана саясый ишмерлер, акын-жазуучулар катышууда.
Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында төрөлгөн. Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. Чыгармалары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган. 1980-жылы “Эл акыны” наамын алган. Бир катар мамлекеттик сыйлыктарды, анын ичинде "Токтогул" атындагы мамлекеттик сыйлыкты, III даражадагы "Манас" орденин алган.
Эмгек жолунда гезит-журналдарда, Ош педагогикалык институтунда иштеп, 1995-жылдан "Курманжан датка" фондунда төраганын кеңешчиси болгон.