Бекболот Талгарбеков аксакалдардан бата алды

Мамлекеттик ишмер Бекболот Талгарбеков кичи мекени Кочкордо эки жумадай эс алып, тоого чыгып, чер жазып кайтты. Ара-чолодо эл менен баарлашып, каатчылыктан кайыккандардын да үнүн угуп, жалпы маанайга саресеп салганын баамдадык. Жердештери каарманыбызды жылуу кабылдашыптыр. Атургай аксакалдар чогулушуп, Бекболот аганы урматтоо менен ак баталарын беришип, чоң жарышка чыгарчудай эле сүрөөнчүлүк кылышканы кубандырды. Азыркы шартта тал-теректин башы жөн эле кыймылдабастыр. Күздө Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөбү, же президенттикпи (?), айтор, камылга жайда башталганы бекер жерден болбосо керек. Албетте, бул биздин божомолубуз. Ириде кандай гана жарышты күтпөйлү, акылы тунук, даанышман мүнөздөгү Бекболот агабыз табына келген тулпардай эле чыйралып тургандыр.
"Азия Ньюс" гезити