Садыр Жапаровго каршылык көрсөткөн Канатбек Исаев коомчулуктун көзүн ачтыбы?
Текебаев баш, парламенти төш болушуп, жаңы сунушталып жаткан Конституциянын авторун таппай жатышканда Канатбек Исаев чыгып, “ээси” Садыр Жапаров экенин ачыктады. Буга чейин “чимкириктер” жатып беришип, 80 депутат колдоп чыкканы эсибизде. Легитимдүүлүгү шектүү Жогорку Кеңештин беш жылдык мөөнөтү өткөнүн ырастап, жаңы Конституцияны кабыл алууга жана президенттик башкарууга каршылыгын көрсөткөн Канатбек Исаев жалпы коомчулукту мыйзамдуу талаага чакырып, алдыны көрө билген саясатчы катары олуттуу кайрылуу менен чыкты. Билимдүү катмар алкады. Алапайын таппай аткан “элита” ынанымдуу сөзгө эрип кетишип, каарманыбызга түздөнүү менен ээрчий сөз айтышып, мамлекеттүүлүк эмне экенин түшүнө башташты окшойт. Сыягы, саясатчылардын көпчүлүгү Жапаровдон коркуп отурушканда Исаев дыңды бузуп, жалтанбай сүйлөп, мыйзамдуу жолдуу көрсөтүү менен оозго алынды...
Aryba.kg