Акыркы кабарлар
» Саясат » Кымбатчылыкка себепчи Аскарбек Жаныбековдун санаасы асыл тукум букаларындабы?
Кымбатчылыкка себепчи Аскарбек Жаныбековдун санаасы асыл тукум букаларындабы?
19-июль, 10:24

Азык-түлүк коопсуздугуна жооп берген айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков 28-майда эле “кумшекер жетиштүү санда бар, баарына жетет” деп соцжеледе сайрап, элди сооротуп жаткан. Андан бери эки ай өттү. Азык-түлүк кымбаттап, кумшекердин баасы 100 сомдон ашты, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштин баасы ай чапчып, кымбатчылык болуп, эл кыйналып жаткан учур. Аскарбек Жаныбеков болсо элдин кулагын ушалап, калп айткандан башкага жарабай, басса-турса ойлогону асыл тукум букалары болуп калды ошойт.
"Азия Ньюс" гезити