Министр Бекмурзаев элдин “жонунан кайыш тилүүнү” эскертти


Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кийинки жылы электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүү боюнча билдирип, элдин кыжырына тийе баштады. Кудум Курманбек Бакиев бийлигинин иштөө стилин эске салганын карачы? Агезде “жем” жеп калса, “көргөн көргөнүн, көсөө түрткөнүн кылат” дечү беле? Андан көрө альтернативдүү сунуштарын киргизип, чакан ГЭСтерди көбөйтүү, күн аркылуу энергия алуу ыкмаларына басым кылса, ишкерлерге шарт түзүп берсе, кичинекей Кыргызстан үчүн жарык жагынан кыйынчылык жаралмак эмес. Тилекке каршы, идеясыз Бекмурзаев карайлап калгандай образ жаратып, баягы эле элдин “жонунан кайыш тилүү” ыкмасына даярданып калгандай. Бийликтин рейтингин түшүргөн мындай министрди “борго байлагандай” кармап отуруу кимге опо? Дал ушундай эргулдардын азабынан кадр саясаты аксап атат.
"Азия Ньюс" гезити











