Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Батыралиев: “Ковидге кабылган адамдарга ыкчам, көп профилдүү кызмат көрсөтүү зарыл”

Талантбек Батыралиев: “Ковидге кабылган адамдарга ыкчам, көп профилдүү кызмат көрсөтүү зарыл”

08-август, 19:13
613 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Талант мырза, билинбеген менен учурда ковид кайрадан күч алууда. Эмнегедир буга саламаттык сактоо министрлиги жакшы көңүл бурбай жаткансыйт. Ушул боюнча сиздин оюңуз?

-- “Пандемия бүттү” же “ага каршы мамиле өзгөрдү” дегенден алысмын. Бул ондогон жылдардын көйгөйү болуп кала берет. “Кара июлду” унутканыбыз менен ашыкча өлүмдүн (остаточная смерть) саны жогору экени байкалууда. Ковиддин таасири оор, аны айтпасак да түшүнүктүү го. Негизгиси, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия боюнча өзгөчө кырдаалды жойгон жок, тескерисинче, күрөштү күчөтүүнү, ковидди жана ага байланыштуу келип чыккан кээ бир ооруларды сапаттуу дарылоого, эмдөөнү жетиштүү деңгээлде жүргүзүүгө чакырып жатат. Акыркы жылдардагы коомдук саламаттыктын көрсөткүчтөрүн, постковиддик кесепеттерин калкка туура жеткизип, элди туура багытка үндөө керек. Антпесек, ковидке каршы эле эмес, балдарга календардык эмдөөлөр да үзгүлтүккө учурап атканы белгилүү. Мындай кадамдар туура эмес. Ошону менен бирге ковидге кабылган адамдарга ыкчам, көп профилдүү кызмат көрсөтүү зарыл. Мурдагыдай баарын бир жерге топтобой, оорунун өзгөчөлүгүнө жараша жеткиликтүү кызмат көрсөтүү шарт. Мисалы, ковидден жүрөгүнө доо кетсе, ага заманбап атайын кызмат көрсөтүү абзел. 

-- Азыркысы кайсы штамм экени, кайсы протокол боюнча дарылап атканы да белгисиз. Мындай шартта кандай кеп-кеңешиңиз бар?

-- Акыркы учурда “ковидди азыраак сүйлөшөлү, баары бир эл укпайт, билгенин кылат” деген мамиле байкалат. Ковиддин сводкасы да аптасына бир жолу гана берилип жатат. Бирок, коомдук саламаттык боюнча иш-чаралар күчөгөнү туура болмок. Аткени, ковиддин жаңы штаммы азыр “кентавр” делсе, мутация улана берет. Анын өнөкөт ооруларга тескери таасири оор кырдаалда жүрүшү ыктымал. Бул боюнча республикалык штаб, жалпы калк жана медиктердин аракети бирдиктүү жана бир багытта – ковиддин кеспеттерин азайтууга, керектүү медициналык кызматты жеткиликтүү камсыз кылууга мумкүнчүлүк түзүү керек. “Пандемия күчүнөн тайды” десек жаңылышабыз, ага каршы күрөш азыркы глобалдык экономикалык акыбалга карабастан кылдат жүрүшү абзел. Ошондуктан, министрлик ковидге тийешелүү иш-чараларын, дарылоо протоколдорун ар кандай ыкмалар менен калкка жеткизип турганы оң.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер