Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Караңызчы, Алыкулдун ырындагы ажайып кооздук, эмне деген чебердик!

Караңызчы, Алыкулдун ырындагы ажайып кооздук, эмне деген чебердик!

17-февраль, 18:35
2 093 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Экинчи макала)

Кыргыз калемгерлер дүйнөсүндө, атүгүл калың окурмандардын ичинде да Ысык-Көл менен Алыкулду эгиздей көргөн түшүнүк жашап келет. 2000-жылы Чолпон-Атада «Ысык-Көл жана Алыкул» аттуу атайы адабий-маданий иш-чаранын өткөрүлүшү акындын Ысык-Көл менен байланышынын жана анын Ысык-Көл поэзиясынын канчалык олуттуу экенин өзүнөн өзү айгинелеп турат.

«Алыкул – Ысык-Көл» түшүнүгү түрмөктөлгөн толкундай бири-бирин толуктап турганы табигый көрүнүш» (Памирбек Казыбаев). Алыкул Осмонов «Көлдүн кечки көрүнүшү» деген ырында «Элесимде көл жатпаса шарпылдап, ырларымда анда кайсы касиет» деп жазат. Көл менен Алыкул ушунчалык жуурулушкан деңиз, чынында эле акындын элесинде гана эмес, анын көкүрөк-көөдөнүндө шарпылдап жаткан Ысык-Көлдү көрөбүз. Ошол көкүрөк-көөдөндөн, жүрөктөн ыргып чыккан ырлардан кээде тыптынч, кээде шарпылдап, кээде буркан-шаркан түшүп толкуп жаткан көлдүн өзүн көрүп турабыз. Алыкулдун Ысык-Көл жөнүндөгү «Ак куунун көрдүм учканын», «Ысык-Көл», «Кыргыз көлү», «Толкун эмес, ал ак куу», «Көлүмө», «Ысык-Көлдө төрт мезгил», «Көлдүн кечки көрүнүшү», «Каркыра», «Түп суусу», «Жеңишбек», «Майдын түнү» сыяктуу ыр, поэмаларынын күчү акын айткандай касиеттүүлүгү ушундай тирүү, жандуу («Кымыздай чөйчөгүндө сапырылып, жаштыктай күр-шар этет көбүк чачып»), керемет сүрөттөрдө жатат. Ысык-Көл ырларынын касиети дагы эмнеде? Ырларда Ысык-Көл Алыкул үчүн жөн гана тунук суу, таза аба, ден соолукка эм болгон курорт зонасы сыяктуу кандайдыр бир утилитардык маанидеги нерсе эмес. Жайынча гана көрктүү пейзаж эмес. Акын үчүн Ысык-Көл баарыдан мурда Ата журт, Ала-Тоодой асыл жердин чүрөгү, өмүр деми, «Ак шуру, күмүш алкак тоо кызындай» сулуу, ажайып, түрлөнгөн, кубулган эстетикалык кооздук («Токсон ирет көргөнүмө тойбодум, көргүм келет, көргүм келет миң ирет»). Баса, айтмакчы, мындан миң жыл мурун Ысык-Көлдү Манас атабыз таамай баалаган экен. Акбалта насаатчысы “Ат-Башыдагы алп Кошойго учурашып кел” деп жаш баатыр Манасты Алтайдан Ала-Тоого аттантат. Ашуу ашып, таш басып, агыны катуу суу кечип келип, шер Манас бир боор Ата журту – Ала-Тоону биринчи көрөт. Ошондо Ысык-Көлгө минтип баа берип турат:

Береке экен, бел экен,

Пенде көрчү жер экен,

Жердегенде адамды

Кан кылуучу жер экен. 

Жээк-жерге баарысын

Бай кылуучу жер экен,

Ортосу көпкөк көл экен, 

Суусунда миңдей түр экен,

Будурдан бугу куюлуп,

Будурдун чөбү суюлуп,

Адырдан аркар куюлуп,

Адырдын чөбү суюлуп,

Ар коктудан шаркырап,

Миңден булак куюлуп,

Жердеген адам бай болчу

Көлүндө ырыс бар экен! 

Касиеттүү жер экен,

Эки эли жерин оодарса

Түгөнгүс алтын бар экен. 

Жаныбарым Ысык-Көл,

Жер соорусу турбайбы,

Жердеген киши тунбайбы,

Мындай кызык жер болбос,

Мындай кызык көл болбос! 

Мына ушинтип, ага мекенине жетине албай сүйүнүп, бир чети айраң калып, Манас атабыз туулган жерин көкөлөтө көккө чыгарып, «суусунда миңдей түр экен» деп көрөгөч көзү менен көрбөгөндү көрүп, Ысык-Көлдүн кереметине суктанып, касиеттүү көлдүн ак калпак кыргыз үчүн турмуштук-стратегиялык маанисин таамай белгилептир. Алыкул Осмонов да Ысык-Көлгө Манас атасынча таңыркай да, кумары канбай суктана да, терең баалай да карап, ага өтө олуттуу мамиле жасайт. Көл жөнүндө масштабдуу ойлонот. Ысык-Көл Алыкул Осмонов үчүн жайынча көл гана эмес, ал – тарых, кыргыз эли менен тагдырлаш, таржымалы менен тамырлаш, өмүрү менен өзөктөш ыйык конуш («Ысык-Көл – кыргыз көлү кылкылдаган, кылымдар колдон түшкөн маржан болуп, көрүнбөй тереңинде жылтылдаган». «Кыргызымдын аккан кайран кандары ай, ушул көлдөй өмүр кайра төрөлсүн». «Ысык-Көл – кыргыз көлү шарпылдаган, замандар кербенчидей чубап өтүп, чарчаса саясында салкындаган»). Алыкулдун Ысык-Көл жөнүндөгү поэтикалык концепциясында жалгыз жаратылышы менен гана кооз эмес, жерге-жээгинде жашаган ак калпак кыргыздын адеп-ахлагы менен кооз, көрктүү жана нарктуу. («Көзү курч, көкүрөгү бек уландар, пейили кең берешен кол адамдары, Ысык-Көл касиетиңден айланайын, сыйла, сүй бакыт берген замананы»). 

Кыскасын айтканда, көл ырлар циклинде Ысык-Көл аттуу көркөм чагылтуу объектисине Алыкул Осмонов тарабынан кеңири масштаб менен интеллектуалдык-философиялык, руханий-эстетикалык жана нравалык бийик даражадагы мамиле жасалат. Ысык-Көл Ата журтка кыргыз поэзиясында мынчалык жогорку деңгээлде жасалган эстетикалык мамиле кыргыз профессионал көркөм сөз өнөрүндө чыгармачылыктын субъектисинин чындап жетилип чыга келгендигин күбөлөп турат. Ысык-Көлдүн кээ бир кубулуштары акындын өзүнүн өмүрү, тагдыры, жаштыгы менен ассоциацияларды жаратып, аны терең ойго батырат. Маселен, «Ак куунун көрдүм учканын» ырында лирикалык каарман (акын) көлдөн топ ак куунун учканын көрө салып, атайын деп мылтыгын ала койсо, огу түгөнгөн болуп чыгат (шарттуу кырдаал). Бул жагдайдан лирикалык каарман бир символиканы көрүп, өзүнүн тагдыры жөнүндө толгонот: 

Чын эле жаштык өмүр аткан окпу, 

Чын эле жаштык чиркин жанган отпу? 

Ок болсо кур калтырып азыркыдай 

Жаштык кез, текке атылып кеткен жокпу?


Эгерде жаштык текке атылбаса, 

Замандын туура койгон талабына,

Татырлык жана элимди кубантарлык 

Ак куудай канаттуу ырым кана, кана? 

Мына ушинтип, көл үстүндө учкан топ ак куу акынды философиялык ой толгоолорго түртүп отурат. Бул терең жазылган философиялык ыр ар бир инсанды өз өмүрүн, жаштыгын кандай өткөргөндүгү же өткөрүп жаткандыгы тууралуу ойлонууга, өткөнүн таразалоого көкүтүп, буга чейинки өмүрү жалгыз октой сая кеткен жокпу (?) деп санааркоого жем таштап, айрыкча акындарды намыстантпай койбойт. Чын эле бүгүнкү акындар ак куудай канаттуу ырларды жазып жатышабы же көлчүктөгү өрдөктөй каркылдашабы? Биз акындар Алыкулча күңгүрөнүп намыстанууга, шектенүүгө, өзүбүзгө өзүбүз сын көз менен кароого жөндөмдүүбүзбү?

 Алыкул Осмоновдун ырларында Ысык-Көл кээде кадимки тирүү жандай көрүнүп, чыгарманын каарманы кайгырса кайгырып, кубанса кубанып, күйүт тартса күйүт чегип, анын көңүл маанайы менен шайкеш жашайт. Мисалы, «Жеңишбек» поэмасында майдандан кайтпай калган уулун күтүп, сагынып, күйүт чеккен армандуу Миңбай атанын кайгысын бөлүшүп, «Ысык-Көл күйбөй турган суу болсо да» үстүнөн «көк түтүн, ала буурул жалын» чыгарып, түтөп турат. Көл өзүнүн удургуган толкундары менен Миңбай абышканын психологиясынын ачылышына кызмат кылат.

Ысык-Көл ырларын окуп отурганда Алыкулдун көл менен жаны бирге экенине ынанасың. Акындын көлгө болгон сүйүүсүнүн дагы бир мотивине кайрылалы. Акын «Мен көлүмө келгенде» деген ырында «Мен келгенде токтоло элек баладай, толкуп алган толкунунан жаналбай» деп жазат. Алыкул Ысык-Көлдү дал ушул баладай күнөөсүздүгү, аруулугу, тээ илгерки Манас атабыз көргөн кебетесинде «энеден туума» тазалыгы менен жаткандыгы үчүн сүйгөн. Ал «Кытмыр» аттуу ырында:

Барыңды бардай көрө албайт,

Баркыңды билбей жамандайт.

Бактыңа көзү кызарып,

Өлөйүн деп өлө албайт, - деп кишидеги жаман сапат жөнүндө жазган эле. Алыкул шаарда жашап, жакшылыктарга да, далай-далай куулук-шумдуктарга, алдамчылыкка, чыккынчылыкка, туруксуздукка, жүрүм-турум ыпластыктарына да күбө болгон. Ак мөңгүлүү Ала-Тоого курчалып элетте жаткан Ысык-Көл шаар цивилизациясына кескин контрастты түзүп турат. Көл куулануу, анткорлонуу дегенди билбейт. Качан келбесин көл Алыкулду улуу Теңир жараткан табигый ыраңы, сулуулугу, тунуктугу, мөлтүрлүгү, периште-балалыгы менен тосуп алат. Сан-Таш, Кызыл-Омпол тараптан «Улан» шамалы соксо, буркан-шаркан түшүп «ыйлайт». Шамал токтосо, энесинин эмчегин соргон баладай көшүп мемиреп кетет. Алыкул көлдү дал ушундай кайталангыс «нравасы» үчүн сүйгөн. Ошон үчүн «Жеңишбек» поэмасында:

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,

Толкуса толкунуна тең ортомун.

Турмушта канча жолдош күтсөм дагы, 

Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун, - деп чын жүрөгүнөн төгүлүп жазган. «А өзүң мага жолдош болууга татыктуусуңбу?» деп көл сурашы мүмкүн эле. Анда Алыкул өзү жөнүндөгү төмөнкү куплети менен жооп бермек: 

Таза жүрдүм, кастык ишке камынбай,

Адал жүрдүм арамдыкка малынбай.

Досторума аппак болду максатым – 

Бир кеченин аппак жааган карындай.

Көлдүн тунуктугу менен акындын жандүйнө тазалыгы окшош болгон. Ошон үчүн Алыкул келгенде көл толкундап, «толкунунан жана албай» көбүгүн чачыладай чачып тосуп алган. Алыкул болсо энесин көргөн баладай сүйүнгөн. Ысык-Көл Алыкул үчүн тазалыктын, сулуулуктун символу болгон. Көл анын кыялын көккө учуруп, жандүйнөсүнүн «мүрөк суусу» болуп, талантына канат бүтүрүп, чыгармачылыкка шыктандырып учуруп турган. Бекеринен акындын ыр, поэмаларынын дээрлик көпчүлүгү «бир сырдуу» жан сырдаш «жолдошунун» саясында жазылган эмес. («Билбейм неге... жароокер ысыгым, кайрат кубат, оюн-күлкү кызыгым, көргүм келет, көргүм келет миң ирет, айткым келет, сүйөм көлүм сүйөм деп»). Атүгүл Алыкул көл жээгинен түбөлүк жай алууну да каалаган: «Көп ыйлабай, капаланбай көмүп кой, Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна». («Каламга» ырынан).

Бүгүнкү күндө заман өзгөрүп, касиеттүү Ысык-Көл туризмдин көзү менен каралып, кирешенин булагы катары саналып, көлдүн баладай күнөөсүздүгү кирдеп, ага прагматикалык мамиле жасалууда. Бирок айтып коё турган нерсе, Ысык-Көлдү прагматика, коммерциялашкан сүйүү эмес, көлдү Ата журттун «көз кареги», Теңирдин белеги, тазалыктын, аруулуктун символу, Ала-Тоонун кайталангыс эстетикасы, кыргыз элинин ырыс-кенчи катары ыйык санаган Алыкулдукундай уулдук, патриоттук ысык сүйүү сактамакчы. Ырларында көркөм сөз боёктору менен А.Осмонов көл жаратылышынын сүрөттөрүн гана эмес, көлдүн тегерегиндеги социалдык пейзажды да кошо тартат. Көл менен элдин турмушу ажырагыс. Бул жагынан акындын «Ысык-Көлдө төрт мезгил» аттуу ыры мазмуну менен да, көркөмдүгү менен да айырмаланып турат. А.Осмонов бул ырында «колхоздор», «колхозчулар» деген сөздөрдү көп оозанат. Дегеле, акыныбыз ырлары менен поэмаларында «колхоз» деген аталышты сүймөнчүлүк менен арбын колдонот. Бул терминдин саясый-теориялык жагы Алыкул Осмоновду кызыктырбайт. А.Осмоновдун колхозду көчмөндөр үчүн прогресс катары кабылдаганы байкалып турат. Ырасында эле, кечээки тоолук көчмөндөрдүн отурукташууга өтүп, коллективдүү чарбага биригишип, жашоо-турмуштун жаңы формасына көчүп, келечекке бет алып турушу жакшылык эмей эмне? «Ысык-Көлдө төрт мезгил» аттуу ырында көлдүн жаз, жай, күз, кыш мезгилдериндеги пейзаждык көрүнүштөрүн да, колхоз айылдарындагы социалдык тиричиликтин картиналарын, колхозчулардын төрт мезгилдеги коомдук-чарбалык түйшүктүү, түшүмдүү, шаңдуу эмгек-мээнеттеринин элестерин, алардын алды жакка ишенимдүү караган социалдык оптимизмин, жаштардын романтикалык маанайын көз алдыга алып келет. Көл элге, эл көлгө жарашып, калк көлү менен, көл калкы менен көрктүү дегендей ой кыйытылат. Аталган ыр кылдат көркөм штрихтерге, образдуу поэтикалык деталдарга бай келип, бүтүндөй бир жыл ичиндеги эпикалык-романдык сюжетти кенедей он куплетке сыйдырып, көл сыяктуу чалкып турат. Бүгүнкү коммерциялашып бараткан нравалардын оңутунан караганда, «Ысык-Көлдө төрт мезгил» ырында кыска-нуска чагылдырылган 1940-жылдардагы цивилизация али бузбаган көл элинин көлдөй тунук адеп-ахлагы, азыркыдай “акы алам, сатам” дебей, бири-бирине чын жүрөктөн сунган кымыз аяктары, чоң айлык албаса да коомдук эмгекте кабагым-кашым дебей, бири-бирин тамашалаша күлгөн баладай таза мүнөздөрү, ынтымактуу коллективизми, учурашпай кетсең капаланганы, конок болуп барып калса ар бир айылдыктын берерге ашын таппай кубанган меймандостугу суктантпай койбойт. Япон режиссёру Куросаванын «тарыхка арылап барган сайын адамдар ошончолук ири да, нарктуу да» деген ою ырас белем. Алыкул Осмоновдун «Ысык-Көлдө төрт мезгил» ыры өткөн кылымдын 40-жылдарындагы көл боюндагы адеп-ахлактын абалын күбөлөгөн жана калктын социалдык уюмунун колхоздук формасынын тарыхый колоритин камтыган поэтикалык документ катары да маанилүү.

Сөз соңунда Ысык-Көл ырларынын көркөмдүк ажары тууралуу бир-эки ооз кеп. Алыкул «Акын» аттуу ырында мындайча жазат: 

Акын жазган, биз окуган төрт сап ыр,

Дүнүйөгө калуу керек жаңылбай, жаз, жай, кыш, күз деген төрт сөз сыяктуу.

Автордун логикасын ээрчисек, акын жазган ырдын боосу бекем болуп, бу жарыкчылыкта өлбөй жашап калышы керек. Жаз, жай, күз, кыш сыяктуу окурмандарды өмүр бою коштоп, ушул төрт мезгил сыяктуу кайра айланып келип турушу шарт. Ошон үчүн акындын жолу жооптуу, оор, ардактуу, кыйын жол. «Жаман акын эл алдында уяттуу» деп айтат акын ошол ырында. Алыкул колуна калем алганда “жаза турган ырымдын өмүрү узун болсо” деп тилеген. «Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ, дейм» деп кыялданган. Ал оюна келе калган нерсени эле шарт-шарт уйкаштырып жазып таштаган эмес. Акын ыр жазууга өтө аяр карап, ырдын көркөм жасалгасынын, «ою-чийүүлөрүнүн» кооз чыгышына кам көргөн. Искусстводо ушундай да, берейин деген мазмунуңа өзүнө бап келген образдуу форманы таппасаң, же айтайын деген идеяңа «кооз көйнөк» тигип кийгизбесең, ал искусство болбойт, чыгармаң жанагы жаз, жай, күз, кыш сыяктуу дайымкы нерсе болуп дүйнөдө жашап кала албайт. Ушуну терең туюнган Алыкул акын өзүнө жем издеп учкан куштай, сөз дүйнөсүнүн «тоо-талаасын» кыдырып, ой-кырына чабыттап, керектүү сөздү, образдуу кепти, сапты издеп, ырдын үстүндө канаты талыганча тер төккөн. «Чабыттап жем издеген ак барчындай, үйүмө эки-үч сап ыр таап келем» деп «Мага күлбө» деген ырында акын бекеринен жазган эмес. Эмесе, акындын «ак барчыны» чабыттап жүрүп, кандай поэтикалык саптарды «таап» келиптир? Көркөмдүк ажарды издеп, «Көлдүн кечки көрүнүшү» деген ырдын эки куплетин окуп көрөлүчү:

Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум,

Токсон ирет көргөнүмө тойбодум, 

Кызгылт көйнөк кийгендиги эсимде, 

Уурдап алып күндүн батар боёгун.


Билбейм неге… эң жароокер ысыгым, 

Кайрат, кубат, оюн-күлкү кызыгым, 

Кыз баладай уялганы эсимде, 

Уурдап алып күндүн батар кызылын.

Караңызчы, эмне деген ажайып кооздук, эмне деген чебердик! Бул куплеттердин керемети кайда деп үңүлүп издебесең деле, кооздук дароо эле көзүңө “шак” этип урунат. Кудум сүрөт галереясында илинген тирүү картинадай. Алыкул сөз менен тарткан бул сүрөткө суктанбай да, таңгалбай да коё албайсың. Көлдүн кечки керемет пейзажы да, акындын көлгө болгон сүйүүсү, суктануусу да бири-бири менен “кучакташып”, ыр маанилүү да, көрктүү да чыккан. «Кыз баладай уялганы эсимде, уурдап алып, күндүн батар кызылын». Өтмө маанидеги кандай эффективдүү образ, кандай сонун табылга! Көлдүн кечки көрүнүшүн көрөсөндүү элестеткен көнүмүш эмес, ойго келбеген ооматтуу саптар. Анан кантип Алыкулдун ушул ыры жаз, жай, күз, кыш сыяктуу өлбөс болуп жашап калбасын?! 

Ушундай эстетикалык ажардуулук, көркөм форманын кооздугу, образдуулук «Ысык-Көл» ырына да тийешелүү. Ырдагы «кечээки өтүп жаткан балалыктай, аралдын ары жагына сүзгөн ак куу» деген поэтикалык синтаксиз көз алдыңа романтикалык сүрөттү алып келип, өзүнүн символикалуу образдуулугу менен окурманда элегиялык маанайды пайда кылат. Ал эми ырдын төмөндөгү:

Ак шуру, күмүш алкак тоо кызындай,

Шарактайт жорго минип мени карай.

Шарп этип чала-була тийип кетип,

Тартылат кайра артына уялгандай, - деген саптарынан Ысык-Көлдүн кадимкидей кыймылдагы жандуу, тирүү сүрөтүн көрүп турасың.

«Күмүш алкак» деген поэтикалуу образдуу сөз айкалышы Ысык-Көлдү курчап турган «ак элечек» тоолорду элестетсе, «шарактайт, жорго минип мени карай» деген образдуу курулма жээкти карай ашыккан ак толкундарды көз алдыга тартып, көңүлүңдү ачып, эстетикалык рахат тартуулайт. Бул жерде «уялгандай» деген сөз да орундуу. Себеби, тоо кызы уяттуу, уялчаак эмеспи. «Ысык-Көл» ырындагы «Кымыздай чөйчөгүндө сапырылып, жаштыктай күр-шар этип көбүк чачып» деген саптар да көңүлүңө орноп калат. Кыскасы, 7 куплеттен турган «Ысык-Көл» башынан аягына чейин образдуулукка, омоктуу ойлорго чулганып турат. Алыкул Осмонов бул ырынын үстүндө да чебер узанган. Бир сөз менен айтканда, кеп болгон жогорудагы көркөм сапаттар А.Осмоновдун Ысык-Көл жөнүндөгү жарандык-патриоттук лирикасынын бардыгына тийешелүү десек жаңылышпайбыз. Ысык-Көл ырларында гана эмес, 1940-жылдары, дегеле бүтүндөй поэзиясында Алыкулдун алтын-күмүштөн азем буюмдарды жасаган зергердей чебер узанганы сезилет. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерге тургузулган эстеликке «Жеңишбек» поэмасындагы «Неге сен алыс кеткен сапарыңдан, ээриң жок жайдакталып кайра келдиң?» деген саптардын чегилип жазылышы Алыкул Осмоновдун поэзиясынын көркөмдүк күчүнүн символикасы сыяктуу.


Советбек Байгазиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер