“Күйөөм кайтып келеби?” деген үмүт менен жашап жүрөм...


Москва шаарында күйөөмдүн өзүнүн чакан бизнеси бар, ошон үчүн тоюбузду өткөргөндөн кийин ал Москвага кете берди. Мен болсо көп убакыттан кийин артынан бардым. Барсам мурунку мүнөздөгү жолдошум жок, өзгөрүп калыптыр. Көрсө, өзүнөн көп жаш улуу аялга нике окутуп, жашап жүрүшүптүр. Угуп алып, өзүмдү эч кимге керексиздей сезип, бир топко өзүмө келе албай туруп калдым. Арга жок, “кимден кеңеш сурасам?” деп башым катып, же жолдошума үн көтөрүп сүйлөй албай, тилимди тишиме каттым. Ошентип Москвада көпкө калбай, 3 ай дегенде сумкамды көтөрүп, Кыргызстанга баса бердим. Беш айдан өтүп калды, кош бойлуу да экенмин. Бул кабар бирде кубантса, бирде кайгыга батырат. “Төрөсөм баламдын атасы келеби, же кандай болот?” деп да өзүмдү жейм. “Сүйөм, күйөм” деген Азамат жылуу сөз эмес, бир ирет чалып кабар алганга жараган жок. Себеби эмнеде? “Өзүнө келип, кайра кайтып келер” деген үмүт менен жашап жатам. Мага кайтып келеби, же кандай болот? Төркүнүмө айтсамбы? Эмне кылсам?..
Айдай











