Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шахрезаада айымдан кайрылуу

Шахрезаада айымдан кайрылуу

23-июль, 13:36
573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Намысын коргогусу келип, кыздарды сабоо үчүн бириккен видеодогу жигиттерге кайрылуу.

Эркекке өзүнүн назик аялдарын коргоо үчүн, камсыздоо үчүн намыс берген, күч берген. Ачууңар келип, эже-карындаштарыңарды, улутташтарыңарды кызганганыңар туура. Бирок, аманатка берилген аялзатын уруп тарбиялай албайсыздар. Аял муктаж болгондо көчөгө чыгат. Ар бир аял эркектин карамагында болгонду, камсыз болуп, жүрөгү сүйүүгө толуп, төшөгү жылуулукка толуп, курсагы ток болсо, үстү бүтүн болсо, көчөгө деле чыккысы келбейт. Себеби, аялдын табияты ошондой, өзү билбеген абалда өзү ошону каалай берет. 

Силер айткандай, 2001-жылкы кыздар бар, иштеп жүрүшөт. 18ге жаңы толуп эле келген. Уборкада орусча билбей, же бала багуучу болуп иштеп жүрүшөт. Ичип, үй-бүлөсүн бакпай койгон атасынын ордуна бир туугандарын багып, үй-бүлөсүнүн кредитин төлөп, карызын төлөп... Карантинде ачыгын айтканда ачка эле калышты, квартира, продуктыга акчалары жок. Биздин "Айымдар kg" болушунча өзүбүз билген, көргөн кыздарга жардам бердик. Эми сиздерге сунуш: азыр XXI кылым, баары мыйзам менен болушу керек. Чогулуп алып эле бирөөнү сабап же тергесең, эртең өзүң темир тордо тергелесиң”. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер