Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоо дагы кыйындайбы? Касымалиев күйүүчү май 140 сомго дейре көтөрүлөрүн айтты

Жашоо дагы кыйындайбы? Касымалиев күйүүчү май 140 сомго дейре көтөрүлөрүн айтты

05-август, 00:28
459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 1-октябрдан тарта минималдык пенсияны 8800 сом кыла турганын билдирди. Кары адам ушул суммага бир ай кантип жашайт? Тамак-ашына жетеби же дары-дармегинеби? Күндөн-күнгө кымбатчылык ооздукталбай, баалардын өсүп атканын көрүүдөбүз. 

     Жашоо дагы кыйындайбы? Касымалиевдин айтымында, күйүүчү май 130-140 сомго дейре көтөрүлөт экен. Анда дагы каатчылык жаралып, азык-түлүк, дээрлик керектүү буюмдар кымбаттай турганы белгилүү. Турмуш формуласы ушундай, күйүүчү майлардын баасы жогорулаган сайын башкаларына да таасир этип, кыйынчылык улана бермекчи... 

     Негизи өкмөт кымбатчылыкка каршы кандай иш-аракеттерди жасап жатканын, бул багыттагы алдыга карай койгон план-программаларын айтып, элди ынандыруу жолу менен иштесе болбойт беле? Анүчүн акылман баш керек да. Үмүт кыла туралы. Балким ШОС өткөндөн кийин кадр саясатында жаңылануулар болобу? 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер